Menu

Каримовдун ордун Мирзиёев ээлейт, анын ордуна Рустам Азимов келет

Бөлүшүү:

Шавкат Мирзиёев эмне себептен Бишкекте өткөн КМШнын юбилейлик саммитине келбегени түшүнүктүү болуп калды. Өлкөдө шайлоого активдүү даярдык, команданы кайра түзүү башталды. Шериктештик өлкөлөрдүн жетекчилеринин кеңешмесинин алдында Мирзиёев биринчи кадрдык кайра курууларын жасады. КМШ өлкөлөрү боюнча эксперт Зураб Тодуанын пикири боюнча, бул жаңы президенттин фигурасына ылайык, мамлекеттик органдарда кандай өзгөрүүлөр болорунан кабар берет. Бирок, тышкы жана ички саясатта чукул өзгөрүүлөр болбойт. Өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясын Мирзиёев маркум президент Ислам Каримовдун кадыр-баркын пайдаланып баштады. Ал Каримовду өзүнүн атасына салыштырды. “Бул киши мага өзүмдүн атам сыяктуу чоң тарбия берди” деди Мирзиёев эл депутаттарынын Жизак шаардык кеңешинин отурумунда.

“Алгачкы мезгилде Мирзиёев ири регионалдык оюнчулардын алдында катачылык кетирип албаш үчүн өтө кылдат, этият болууга аракет кылат. Ислам Каримовдун багытын улантат. Азыркы эл аралык мамилелер курчтугуна байланыштуу Москвага ык тартат, себеби, Кремлдегилер “силерде демократия, сөз эркиндиги жетишсиз” деп доомат койбойт. Арадан бир-эки жыл өткөндөн кийин, Ислам Каримовдон кийинки мезгилге өтүү ийгиликтүү ишке ашканына көзү жетээр замат өз алдынча, көз карандысыз багытка түшөт. Бирок, ошондо деле тышкы саясатта андан кандайдыр бир чечкиндүү эксперименттерди күтүүгө болбойт” дейт Тодуа.

Эксперттер прзиденттикке болжолдуу талапкерлердин бири деп эсептешкен биринчи вице-премьер Рустам Азимов бул жогорку кызматка ат салышууга ниети бар экендигин билдирген жок. Ал өзбек саясатчыларынын кыйла либералдуу тобуна кирет. Бирок, бул эки топ акыркы он жылдан бери бир командада ымалалашып иштеп келатышат. Ислам Каримов курган элиталар ичиндеги баланс жакынкы жылдарда да сакталат. Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун пикири боюнча, президентти шайлоо боюнча кампания “чү” дегенде эле күч алып кеткени чиновниктер формалдуулукту мүмкүн болушунча эртерээк бүтүрүүнү чечишкенин айгинелеп турат.

“Адегенде чиновниктер Конституциянын нормасына кол шилтеп, Каримов кайтыш болор замат премьер-министр Мирзиёевди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындышты. Конституция боюнча президенттин милдетин өзүнө алууга тийиш болгон сенаттын спикери Нигматулло Юлдашев бул кызматтан баш тартты. Эми болсо президенттикке талапкерлерди көрсөтүү де-факто аяктады. Бул Ташкендегилер бийликтин жаңы вертикалын мүмкүн болушунча эртерээк курууну чечишкенин көрсөтүп турат. Каримовдун ордун Мирзиёев ээлейт, анын ордуна вице-премьер Рустам Азимов келет. Өлкө жана бүт дүйнө Өзбекстанда эч кандай форс-мажордук кырдаалга жол берилбестигине, жетекчиликтин саясат стилинде эч кандай өзгөрүү болбостугуна ишене беришсе болот” дейт А.Дубнов.

“Независимая газета”

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: