Menu

Уланбек Батыркулов: “Бир үмүтүм министр Кашкар Жунушалиевде”

Бөлүшүү:

Кеңсебизге Уланбек Батыркулов деген жигит баш бакты. “Барбаган жерим, кайрылбаган кишим, какпаган эшигим калбады. Он жылдан бери аферисттердин жеми болуп келем. Бери жагы 60 миң, нары жагы 400 миң доллардай акчамды же ала албайм же алдаган аферисттерди түрмөгө отургуза албай жүрөм. Ушундан улам ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге сиздер аркылуу кайрылып жатам. Материалдарым менен таанышып, жеке көзөмөлүндө тиешелүү чара колдонуп берүүсүн өтүнөт элем” дейт.

Уланбектин айтуусу боюнча, 2013-жылы март айында Шамиль Арабов аттуу жаран жардам сурап кайрылат: “8-кичирайондо эки бөлмөлүү батирим бар. Ал уулум Роман Арабовго катталуу. Үч жыл мөөнөткө ишеним кат алдым. Мага тез аранын ичинде акча керек болуп атат” деп бардык документтерин жана батирди көрсөтөт. Уланбек Батыркулов макул болуп, күйөө баласы Бакыт Сейталиевден жана иниси Ыдырыс Калназаровдон 10 үстөгү менен 30 миң АКШ долларын таап берет. Ошону менен Шамиль Арабов 5-6 ай дайыны жок кетет. Сүйлөшүлгөн убакыт өтүп кеткенине байланыштуу инилеринин акчасын үстөгү менен өз чөнтөгүнөн таап бериптир. Дагы 5-6 ай күтүп, эч тыянак чыкпагандан кийин Шамилдин жашаган жерине караштуу Аламүдүн райондук сотуна арыз менен кайрылат. Сот Уланбектин пайдасына 60 миң АКШ долларын өндүрүп берүү чечимин чыгарат. А Шамиль болсо акчаны таап бере албай, күрөөгө койгон уулунун батирин Бишкек шаарынын Октябрь районунун сотуна мыйзамсыз акча берип, батирди камактан бошотуп, башка бирөөлөргө сатып жиберген имиш.

Ушул иш боюнча Октябрь РИИБси тарабынан Шамиль Арабовдун үстүнөн КР ЖКнын 166-беренеси менен иш козголуп, андан бери кандайдыр бир себептер менен Шамиль Арабовго эч кандай чара колдонулбай атканын жабырлануучу Уланбек кошумчалады. Сөзүнүн акырында: “Үч жыл дегенде араң иш сотко ашып, ал соттук териштирүү иштери улам-улам создугууда. Ушуну министр Кашкар Жунушалиев мырза өз көзөмөлүнө алып, көп жылдан берки укук коргоо органдарынын кызматкерлери аркылуу, тергөөчүлөрдүн туура эмес тергеп, убакытты өздөрү созуп, кайра өздөрү “убакыт өтүп кетти” деп карабай прокуратурага шылтагандын айынан иш ушу убакка чейин созулуп жатат. Аны менен бирге көп суммадагы акчамды ала албай жүргөнүм анык. Аталган көйгөйүмдү адилеттүү түрдө чечип берсе деп суранат элем” деп, 0555-57-27-80 телефон номурун калтырды.

Бекбол АЙДАРОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: