Menu

Ахмет Доган: “Жашоодо издегенимдин баарын Бишкектен таптым”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү каарманыбыз Ахмет  Доган Кыргызстанга конок.  Ал Бишкекке  2007-жылы келген. Өз кесиби компьютер программисти болгон Ахмет сүрөтчүлүк өнөрдү дагы аркалап жүрөт. Кыргызстандыкындай  жаратылыш коозугун башка жерден жолуктурбаганын дагы көп айтат. “Табият сүйүүчүлөрү үчүн Кыргызстан бейиш. Мен жашоодо издегенимдин баарын Бишкектен таптым»,- дейт ал.  Ошондой эле фотограф өз сүрөттөрүнө атын жазбаганын айтты. “Эгер кимде-ким Кыргызстанды дүйнөгө тааанытуу максатында менин сүрөттөрүмдү колодонгусу келсе, каршы эмесмин. Туризмге бир аз болсо да салым кошуу максатында Кыргызстан тууралуу кыска видеолорду тартайын деп пландап жатам»,- деген оюн айтты.

14192565_1779945838887203_6278799537159966352_n

Сырттан келген көп адамдар Бишкекти кичиникей көрүшүп, көнө алышпайт. Бирок мен үчүн Бишкек өзгөчө шаар. Эрте мененки тынчтык, куштардын үндөрүн, бош жолдорду жана үйүңдүн астынан аккан сууну Бишкектен башка шаарлардан таппайсың. Мисалы, Стамбулда эртең менен башталган кыймыл тээ түн бир оокумга чейин тыйылбайт. Мен өзүм ал жерде жашап жүргөндө бир күнүмүн 4-5 сааты жол тыгындарында өтчү. Жашоонун кыймылынан чыга албаган адам ойлонууну унутуп коёт.

ad0_5801

Мага шаарлар Дантенин «Кудайдын комедиясы» чыгармасынын «Тозок» аттуу бөлүмүн эстетет. Шаарды сырттан карасаң, ар дайым ызы-чууну угасың. Шаар адамдарды жеген чоң жаныбардай көрүнөт.

Бишкектин жакшы жагы — шаар ичинде кооз парктардын көптүгү. Иштен чарчаган убакта ал жерлер адамды кадимкидей эс алдырат. Кааласаң шаардан 20 мүнөттүк узактыкта тоолор бар. Бул жагынан Кыргызстан бейиш десем болот.

ad0_5831_hdr

Адамдар күн сайын иш, акчанын артынан жүрүп, өзүнө убакыт бөлүп көңүл бурбайт. Бул дүйнөдө эч ким бир нерсени акырына чейин аткарып, көңүлү ток болгон эмес. Мүрзөлөр иштери аягына чыкпаган пенделерге толо. Жашообуз чектүү. Бүгүн да, эртең да окшош эле жашоону жашайбыз. Ошондуктан айлана-чөйрөгө көңүл буруп, бир аз да болсо ойлонууну билишибиз керек.

Тоолор мага чоң тажрыйба берди. Бийиктикте адам өзүн жашоого салыштырмалуу кичинекей, алсыз жандык экендигин сезет. Биздин жерге-көккө батыра албаган жашообуз бийик тоолордун жанында бир ууч кумдан да кичинекей экендигин түшүнөсүң.

ad0_4905_hdr

Дрон (пилотсуз учуучу аппарат) менен сүрөт тарттуу аркылуу асмандагы куштардын дүйнөнү кантип көргөндүгүн билсең болот. Мен сүрөт тартаарда кантип жакшы кадр тартууга эмес, адамдарга бир нерсени башкача өңүттө көрсөткүм келет.

Боз үйдө жатуу мага сонун сезимдерди калтырды. Түндөсү сырттагы бардык үндөрдү, жамгырдын шыбыр добушун угасың. Боз үйдү ар дайым сагынам.

Чыныгы көчмөндөрдү Кыргызстандын тоолуу жерлеринде жолуктурдум. Ал жакта бул дүйнөнүн көптөгөн жайлуулуктарынан (комфорт) баш тарткан жаратылыш менен биргелешкен жашоо бар. Тоодо жашаган адамдар менен, айрыкча малчылар, дыйкандар менен сүйлөшкөндөн ырахат алам.

13880176_1770629343152186_5994310252392292654_n

Тоодо жүргөнүмдө апамды эстейм. Себеби ата-энем айылда турат. Эгер апам бул жакка келсе, Кыргызстандагы тоолордун кооздугун көрүп, тоодон түшпөй койсо керек деп ойлойм.

Ысык-Көлдүн миңдеген жылдык тарыхы бар. Көл пайда болгондон бери адамдардын турмушун, арыз-муңун, сүйүнүнүчүн угуп келет. Көл жээгинде туруп, ошол сен турган жерде сенден мурда миңдеген адамдардын көл менен сүйлөшкөндүгүн элестетүү ыйык сезим.

ad0_4946

Жусуп Баласагындын  “Кут алчу билими» ушул тоолордун астында аларга суктанып жазылган. Тоолор биз көрбөгөн тарыхтын күбөлөрү. Мисалы, Боом капчыгайынан өтүп баратканда ар дайым Үркүн окуяларын эстейм. Азыр жашообуз жакшы, бирок биз баскан жерлердин астында кандай гана тагдырлар жатат?

Жаш өткөн сайын адамдарга болгон ишенимиң азайып, алар менен жакындоодон коркуп каласың. Бирок жаш балдар андай эмес. Алар үчүн башкалардын кайсыл улуттан экендиги, кайсы динди тутунгандыгы же болбосо кайсы саясий партиянын мүчөсү экендиги эч маанилүү эмес.

Азат АКАЕВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: