Кудай буюрса, президент Алмазбек Атамбаев Москвадан ден соолугун бекем чыңдап, Кыргызстанга кайткыча Өзбекстанга бурулуп, кесиптеши Ислам Каримовго куран окутса, мунун өзү коңшу элдердин ынтымагы үчүн жылуу маанай жаратат болчу. Ошого катар мамлекеттик деңгээлдеги алаканын чыңдалышына, чек ара чатактарын оң мааниде чечүүгө шарт түзүлөт беле? Мусулманчылыкта бата кылуунун эрте-кечи жок. Эмесе, Атамбаевге азырынча туура жолду көрсөтүп туралы, а кандай чечим кабыл алары өзүнүн эрки. Кыскасы, Каримовдун мүрзөсүнө кайрыла келишин күтөлү.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ