Улугбек Ормонов “Акжол” партиясынан депутат болгонго чейин “Дастан” заводунда кызматкер, орун басар, аягы директорлук даражага чейин өсүп жеткен. Заводдун уурдалып кеткен тетиктеринен бери тааныса керек. Өткөндө Өмүрбек Текебаев кыйла материалдарды көтөрүп, президент Алмазбек Атамбаев менен мэр Албек Ибраимовдун “Дастан” заводуна байланыштуу жер чатагын даңазалап, коомчулукка сенсация жараткандай болду. Убагында аталган заводдун Кой-Таштагы 2,7 гектар жери Максим Бакиевдин энчисине өтүп кеткени, бул схемалар камырдан кыл сууругандай кылдаттыкта болгонуна Ормонов салым кошту беле? Себеби, агезде ал “Акжол” фракциясынын лидерине чейин жеткен. Мындай саясый карьера үчүн заводдун тагдыры кеп бекен? Эми кызыгы, убагында жойлогон Улуке кууланып, Атамбаевге алы жетпесин түшүнгөндөн кийин Текебаев аркылуу компроматтарды жайылтып, өзү кыткылыктап жатабы?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ