Быйылкы жылдын 5-6 июль күндөрү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Балтагулов айыл аймагынын Кош-Алмурут айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Сайда суунун деңгээли көтөрүлүп автоууна өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келген.
Ал көпүрө 150 кожолукту район менен байланыштырып, узундугу 18 метр, туурасы 6 метр бийиктиги 4 метрди түзөт. Автоунаа өтүүчү бул көпүрө жараксыз абалга келип убактылуу каттам токтогон.
Табигат кырсыгынан жапа чеккен бул көпүрө, АРИС уюму тарабынан 2002-жылы курулган эле.
Кара-Сай сайында адатта суунун көлөмү аз болгону менен башка сайлардан келүүчү сел сууларын өткөрүүчүт селкана кызматын өтөйт.
150 кожолукту райондун борбору жана айыл аймагы менен байланыштыруу үчүн автоууна каттамын жандандыруу максатында Кош-Алмурут айылындагы Кара-Сайга кайрадан көпүрө куруу зарылдыгы пайда болгон. Бул көпүрөгө КыргызРеспубликанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 19,5 тонна (М-200) цемент жана (d-16,14мм) 1,9 тонна арматура алып берилген.
Айыл аймагы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Абдышарип Бекиловко ыраазычылык билдирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ