Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалганына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурун токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мындай чечим бүгүн 26-октябрда БШКнын жыйынында кабыл алынган.
Анын ордуна Жогорку Кеңешке “Республика-Ата-Журт” фракциясынын тизмеси боюнча Нурбек Тотонов депутат болуп келди. Ага төш белгиси жана күбөлүк тапшырылды.
Нурбек Тотонов 41 жашта. 3 жогорку билимдин ээси. 2014-жылдан бери Оор атлетика федерациясын жетектеп келет.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ