Menu

Өмүрү өрнөк инсандар: Ли Куан Ю

Бөлүшүү:

 

Кыргыз коому өзгөчө саясатташып, кээде аркы жээк, берки жээк болуп жаатташып, өзүбүздүн өнүгүү жолубузду издеп жаткан чакта бизге дүйнө лидерлеринин басып өткөн жолу, эл үчүн жасаган иштери чоң сабак болчудай. «Дефакто» гезити мындан ары «Өмүрү өрнөк инсандар» аталыштагы жаңы рубрика ачты. Алгачкы каарманыбыз экономикасы чабал, эли жарды мамлекетти гүлдөгөн өлкөгө айланткан нагыз лидер Ли Куан Ю.

«Сингапур кереметинин» атасы

«Сингапур улутунун атасы» атыккан Ли Куан Ю бийликте турган 31 жыл ичинде Сингапурду дүйнөнүн экономикалык жактан эң алдыңкы өлкөлөрүнүн бирине айланта алган. Билими жана жүргүзгөн прагматикалык саясаты аркылуу «Сингапур экономикалык кереметин» курган Ли Куан Ю кичинекей аралда жайгашкан шаар-өлкөнү бүткүл дүйнө суктанган күчтүү мамлекеттердин катарына киргизген.

«Билимдүү адам изденүүнү эч качан токтотпогон адам»

Ли Куан Ю 1923-жылы 16-сентябрда Сингапурда кытай иммигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. 1945-жылы билим алуу үчүн Улуу Британияга кеткен Ю алгач Лондон экономика мектебинде, андан кийин Кембридж университетинде окуган. Ал жерден укук жана экономика бөлүмүн эки кызыл диплом менен бүтүрүп, 1949-жылы өлкөсүнө кайтып адвокаттык кесип менен алектене баштаган. Ал убакта Британия империясынын курамында болгон Сингапур ичкен суудан тарта курулуш материалдарына чейин сырттан сатып алчу. Калкы жакыр, коррупция бийлик бутагынын бардык жагында орногон өлкө тургундарынын жарымынан көбү коммунисттерге жан тартып турушкан. Ю 1954-жылы Англияда билим алган достору менен бирге демократиялык социализм багытындагы «Калк кыймылы» партиясын түптөйт. Партия 1959-жылдагы шайлоодо парламенттеги 51 орундун 43үнө ээ болуп, Ю премьер-министрлик кызматка келет.

«Биз Улуу Британия калтырган 3 артыкчылыкты колдондук”  

Ли Куан Ю кызматка келээри менен экономикалык өсүү жана саясий көзкарандысыздык сыяктуу эки негизги багыттын үстүндө иштеген. Анын 5 жылдык планынын ичине шаарды өнүктүрүү, калк үчүн арзан турак-жайларды куруу, аялдардын укугун кеңейтүү, билим берүү системасын реформалоо жана өнөр жай курулуштарын өнүктүрүү кирген.  Британия колониялыгынан кутулуу үчүн Сингапур 1963-жылы референдум аркылуу Малайзия менен бирге Малай федерациясына кирет. Бирок эки өлкө калкы арасындагы этникалык кагылышуулардын айынан 1965-жылы Федерациянын курамынан чыгып, ошол жылы 9-августта толук эгемендүүлүккө жетишкен. Ал эми өлкөнүн экономикалык күчтөнүү стратегиясы чет өлкөлүк инвесторлорду өлкөгө тартуу менен Сингапурду Түштүк Чыгыш Азиянын соода жана финансы борборуна айлантуу болгон. Жаңы технологиялар менен өлкөгө келген чет элдик адистердин көзөмөлүнүн алдында ар кандай тармактагы узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке киргизген «Калк кыймылы» партиясы экспортко багытталган өндүрүшкө чоң маани берген.

«Реформага эркиң жетсеүч жакын досуңду түрмөгө кама!»

Көзкарандысыздыкка жетишкен Сингапурда коррупция эң жогорку деңгээлде болчу. Ли Куан Ю ошол убактагы абалды: «Паракорлук Азиядагы жашоо образынын бир түрү. Адамдар ачык эле пара алчу, себеби бул алардын жашоосунун бир бөлүгү эле»,- деп түшүндүрөт. Жемкорлукка каршы абдан катаал мыйзамдардын киргизилүүсү менен бирге соттордун айлыгы 100 миң доллардан ашкан (1990-жылдары миллион долларга көтөрүлгөн). Криминалдык топтор жок кылынып, жоопкерчиликтүү кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жеке компаниялардын башчыларынын айлыгына теңдештирилген. Бийик кызматтарды ээлеген аткаминерлер үчүн атайын көзкарандысыз коррупция менен күрөшүүчү бөлүмдөр түзүлүп, бир катар министрлер жана чиновниктер жоопко тартылган. Паракорлукка каршы күрөш жана дүйнөлүк деңгээлдеги атандаштыкка туруштук берүүнүн натыйжасында өлкөдөгү маанилүү кызматтарда тууганчылык жана үй-бүлөлүк орноштуруу дээрлик жок кылынган.

«Биз ар бир инвесторду кубануу менен тосуп алчубуз»

Сингапур чет элдик капиталды тарткан алгачкы Түштүк Чыгыш Азия өлкөсү болуп, анын жардамы менен өнөр жайды натыйжалуу жаңылай алган. Инвесторлордун кызыгуусуна ийкемдүү салык саясаты жана чет өлкөлүк компанияларга берилчү жеңилдиктер да түрткү болгон. 1970-жылга чейинки алгачкы 10 жылдыкта өнөр жай тармагында (мунайды кайра иштетүү, кеме куруу, текстиль) иштеген чет элдик жана жергиликтүү ишкерлер киреше салыгынан, материал жана жабдуулардын импорттук салыгынан 5 жылга бошотулган. Ушунун себебинен улам 1965-1970-жылдарындагы инвесторлордун өлкөнүн өнөр жайына кылган салымы 4 миллиард сингапур долларынан ашкан. Ал эми өлкөнүн 2010-жылдагы чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү 38,6 миллиард  долларды түзөт. Чет элдик капиталды жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу саясатынан улам мунай ресурсу жок өлкө 1980-жылдардын экинчи жарымында мунай заттарын кайра иштетүү жана сатуу боюнча аймактын эң чоң борборуна айланып, кеме куруу жана электроника каражаттарын өндүрүү боюнча дүйнө лидерлеринин катарына кирген.

«Өлкөнү туура эмес башкарсаң, акылдуу адамдар кетип калат»

1960-70-жылдары өлкөдөгү билим берүү системасы реформаланган. Англис тили мектептерде милдеттүү түрдө окутулуп, жогорку окуу жайлары англис тилинде билим бере баштаган. Сингапур өкмөтү окуучуларды дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде окутуу үчүн көп суммадагы каражаттарды сарптаган.

Ли Куан Ю «Сингапур тарыхы: үчүнчү дүйнөдөн, биринчиге» аттуу китебинде билим алуу жөнүндө минтип жазат: «Келечек көптү үмүттөндүргөнү менен ошол эле убакта белгисиздик да өкүм сүрөт. Өнөр жай коому ордун билимге таянган коомго таштап, дүйнөдөгү жаңы бөлүнүүчүлүк — билимдүүлөр жана билимсиздер арасында болмокчу. Биз үйрөнүүгө умтулуп, билимге таянган коомдун бир бөлүгү болушубуз керек. Биздин акыркы 30 жылдагы жетишкендиктерибиз ушул бойдон улана берет деген кепилдик жок. Ошенсте да биздин өнүгүүбүзгө жардам берген негизги принциптерге бек болсок, мүмкүнчүлүктөрүбүз жакшыраак болот. Бул -прогресстин жемиштерин адилеттүү түрдө бөлүштүрүү аркылуу жетишилген коомдун биримдиги. Бул — мыкты орунга татыктуу бирөөнүн келишине шарт түзгөн система. Акыркысы өкмөттү башкарган адамдар үчүн өтө маанилүү. Өлкөнү туура эмес башкарсаң, акылдуу адамдар кетип калат».

Азат АКАЕВ

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: