Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Текебаев жалаң калп менен жашап келген бактысыз саясатчы…”

Бөлүшүү:

 

— Өмүрбек байке, кечээ күнү мурунку кесиптешиңиз Өмүрбек Текебаев журналисттерге мүлктөрүн көрсөтүп, Орто-Сай 2 шаарчасындагы курулушу бүтө элек үйүнүн участогун сиздин жубайыңыз Бейиль эже сунуштап, жарым акчасын төлөп алып бергенин, азыр да ал кишини урматтай турганын айтпадыбы. Текебаев менен үй-бүлөлүк катташ дагы деле бекемби?

— Текебаев Абдрахмановдор “кошуна бололу деп бизге участок таап берип, анан аны сатып берди” деп өрдөктөрүн дагы учурду. Мен жана менин аялым Текебаевге участок издемек турсун өзүбүздүн участокту көргөн эмеспиз, балдарыбыз там салып жатканда бир да басып барбаганбыз. Анан Текебаевге участок издеп бармак белек? Качан гана үйдү салып бүтүп, эми көчкүлө дегенде биринчи жолу үйүбүздү көрдүк, азыр ал жерде жашап жатабыз.

Ал окуя мындай болгон. Текебаевдин аялы участок таап алган экен, ээси 60 миң доллар деп туруп алыптыр. Анан ал менин аялыма келип, “Бейиль эже, сиз көптөн бери бизнесте жүрөсүз, мүмкүн тааныйсыз, сүйлөшүп баасын түшүртүп бериңиз” деп суранган. Бейиль эжеси бир айча соодалашып жүрүп баасын 40 миң долларга макулдашкан. 20 миң долларын төлөп, калганын Бейиль эжеден карыз алып жерди сатып алган. Аны Текебаев да тастыктады. (А сатыкта 10 миң эле доллар деп каттатканын Сарпашев тастыктады).

Бирок, жарым жыл өтпөй Текебаев сыйлаган “Бейиль эжесин” прокуратурага арыз жазып, бир жыл бою магазинин жана өзүн текшерттирди. Көрсө, Текебаевдин оорулуу фантазиясы боюнча, “Бейиль эжеси” Кытайлык мебелди Италияныкы деп парламентке кымбат саткан экен. Мебель акча которуу жолу менен сатылып, баардык салыктар төлөнүптүр. Мамстандарттын, Соода палатасынын, Италия жана Кыргыз таможняларынын кагаздарын “эмгек сиңирген юрист” Текебаев карап да койгон жок. Жогорку Кеңештин жыйынында ай сайын бул маселени көтөрүп “Бейиль эжени” камаш керек” деп какшап турду. Прокуратура, Эсеп палатасы жана башка органдар “Бейил эженин” магазинин бир жылдан ашык текшеришип, эч нерсе таба албагандан кийин ишти жапканга мажбур болушту. Ошол убакта текшерүүлөрдүн чыңалуусунан Текебаевдин “Бейиль эжеси” ооруп калып, бизнесин таштады, магазинин арендага берди. А “Бейиль эжеси” кокус Текебаевге жолугуп калсам бетин тытам деп тырмагын узартып жүрөт. Болгон тарых ушундай.

— Текебаев 20 жылдан ашык жашаган 3 бөлмөлүү квартирасынан жаңы 3 бөлмөлүү квартирага көчүп жатканын жашырган жок. Сиз ошол квартираны мурунку Транспорт министри Калыкбек Султановду министр кылгандан кийин, Султановдун компаниясы курган үйдөн алган деп айтып чыктыңыз. Бул деле Атамбаев жер тилкесин Албек Ибраимовдон сатып алгандай эле болуп калат го?

— Текебаев Атамбаевге мындай күнөө койду: “Кол алдында иштеген адамдан жерди сатып алгандан кийин Ибраимовду Бишкекке Мэр койду” деген. Текебаев бул жерде Атамбаевди туура сындады. А бирок өзүчү? А өзү Султанов Калыкбекти партиясына алып, транспорт жана жолго министр кылды. Андан кийин Султановдон квартираны “сатып” алды. Өзү койгон министри менен Текебаев кантип соодалашты экен? Бул коррупция экени жаш балага деле белгилүү эмеспи. Же Султановдон башка курулушчулар Бишкекте жокпу? Бийликти сындаш керек, бирок сындаган адам бийликтен тазараак болсо.

— “Ата-Мекендин” лидерин 5–6 жыл мурун машинасы жок жөө жүрчү, эми байлардын катарына кошулду деп жаздыңыз. Мурунку Текебаев менен азыркы Текебаевдин айырмасы кандай?

— Мурун партиянын офиси Баяман Эркимбаев берген 2 комнаталуу квартирада жайгашкан экен. Барсам мебелдери жок, Текебаев бир дермантин диванда отуруптур. Мен уялып Текебаевге деректирдик стол, кресло, башкаларына да компьютер менен иштегенге офис мебелдерин жасатып бергем. Ал кезде Текебаевге эч ким деле келчү эмес. Че Геваранын сүрөтүн илип алып Жоомарт Сапарбаев экөө эле отурушчу. Машинеси да жок экен. Текебаевге “Мерседес”, аялына Фольксваген “Шаран” деген минивенди убактылуу минип тургула деп бергем. 1–1,5 жылдан кийин аларды кайтарышкан. Азыр Текебаев миллионер болду. Саясый бизнести мыкты өнүктүрдү. Ошон үчүн үйлөрдү жана офистерди салып жатат. Мен бизнесте жүргөнүм менен 2007-жылдан бери бир да курулуш салганга мүмкүнчүлүгүм болгон жок.

— Президент болсом деп тилеп келген Өмүрбек Текебаев “Жогорку кызматка олтуруу өмүрүмдөгү негизги максат эмес” деди. Бул сөзүн кандай кабыл алдыңыз?

— Айласыздан жылмайдым. Популизм, интрига менен гана жөнөкөй адамдарды алдап жашап келет. Текебаев жалаң калп менен жашап келген бактысыз саясатчы экенин кийинчерээк түшүндүм. Текебаев 25 жашынан бери эле “президент” болом деп жүрөт. Калп дагы чеги менен айтылса адамдар ишенишет да.

— Өткөн жумада “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте каралып, добуш берүүгө келгенде Текебаевди өзүнүн партиясындагы депутаттар колдобой коюшту. Алар да Текебаевден түңүлүшкөнбү?

— Азыр Текебаев Конституцияны өзгөрткөнү жатат деп Атамбаевди күнөөлөп жатат. А өткөн парламентте Текебаев баш болуп фракция лидерлери Конституцияны өзгөртөбүз деп чыкканда мен, Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана башка депутаттар каршы чыкканбыз. Коомчулук да каршы болуп, Атамбаев ал демилгени токтотуп койгон. Текебаев Референдум өткөрүү боюнча демилгеленген мыйзамдын да автору. Канчалык чындык чыккан сайын адамдар Текебаевге ошончолук ишенбей жатышат. Ошон үчүн партиялаштары да Текебаевдин калпынан жадашса керек.

— Сиз депутат болуп турганыңызда экөөбүз маектешкенбиз. Ошондо “Текебаев биринчи Бабановду, андан кийин Келдибековду кызматтан алып түшүп, кийин тигини кетиребиз деп жетинчи кабатты колу менен көрсөткөн” деп айттыңыз эле. Азыр Текебаев Атамбаев менен тирешип жатат. Мурунку план ишке кириштиби?

— Мен бир аз көзү ачык адаммын да. Текебаев Атамбаевди өтө кызуу колдоп, ага тышкы саясатты жана башка кошумча укуктарды берип жатканда парламентте айттым эле: “Текебаев азыр Атамбаевге костюм кийгизип жатат, анан пальто, анан чапан, анан шуба кийгизет, аны Атамбаев сүйүнүп кийип жатат. Кийин Атамбаевдин мөөнөтү бүтөөрдө, чапандарга чалына баштаганда, Текебаев аны жардан ары түртүп жиберип, өзү бийликти алганга аракет кылат” деп. Азыр Текебаевдин ошол сценарийи иштеп жатат

— 2010-жылы улутташтырылган мүлктөрдүн арасында БНК компаниясы да бар болчу. Ага көзөмөл кылуу үчүн “АтаМекендин” адамы коюлганы айтылган. Ошол адамдын атын атабайсызбы? “АтаМекен” партиясынын лөктөрү БНКны сатканда дагы ортодон махинация жасашып, миллиондогон доллар пайда көргөнүнчү?

— Максимдин БНКсын Текебаевдин балдары басып алган. “Ата-Мекенден” коюлган Фонд министри Абдылдаевдин приказы менен Текебаевдин үкаси жана жердеши Сайдилла Нышанов башчы болуп дайындалган. Текебаев Максимдин “макүрү” акчасын алып жатат деп көп эле айткам. Кийин БНК аукционго коюлуп 34, 556 миллион долларга сатылып кеткен. Бирок эки-үч күндөн кийин аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарышкан. Андан соң Текебаевдин суранычы менен фракция жетекчилери кол коюп БНКны түз сатууга чечим чыгартышкан. БНК түз сатылып аны 2,924 миллион долларга өздөрү сатып алышкан. Бир топ убакыт өткөн соң БНК 39 миллион долларга “Роснефть” компаниясына сатылып кеткен. Мамлекет мында 36 миллион доллардан кур калган. Бул афера боюнча Коррупцияга каршы агенство кылмыш ишин ачкан.

— Фейсбукта Текебаевди эле согуп жатасыз, Атамбаевге жан тартып жатсаңыз керек?

— Мен Атамбаевди 5 жылдан бери сындап келем. Атамбаев реформа жасай алган жок, коррупцияны күчөттү, Кыргызстанды Бажы биримдигине кошуп экономикалык кризиске алып келди деп. А Текебаев 5 жылдан бери Атамбаевди колдоп, өзүнүн гана кадрдык жана башка маселелерин чечип келди. Биз бул эки ажыдаардан тең кутулушубуз керек. Бири кетем деп жатат, а бири андан да коркунучтуусу келем деп жатат. Кимиси Кыргызстан үчүн коркунучтуу экенин өзүңөр чечкиле.

— Деги Өмүрбек Текебаевдин сизге баалаган сапаттары барбы?

— Мен “баалаган” сапаттары өжөрдүгү, өзүн гана ойлогон эгоизми, бийлик үчүн өмүр бою интрига менен көгөрүп бактысыз жашагандыгы, моралдык жактан бузулгандыгы, социализм идеологиясына бекем берилгендиги. Мен канча аракет кылсам да ал адамды чыныгы демократияга бура албай койгом. Саясый кумирлери Фидель Кастро, Че Гевара жана Уго Чавес.

Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ    

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: