Деги биздин саясатчы сөрөйлөргө даба жок экен. Оозуна келгенди оттоп, ойду-тоону сүйлөшөт дагы, анан кайра мени бийлик куугунтуктап жатат деп “өкүрүп” чыгышат. Куугунтуктабаган күндө деле эптеп өздөрүн пиар кылыш үчүн калпты чындай кылып койгулаштыра беришкен адам табышты. Буга дейре Эдил Байсалов “мени камаганы жатышат” деп кокуйлап чыкты эле, эми болсо “Таза Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Марат Иманкулов атайын кызмат мага кысым көрсөтүп жатат дегенди айтып “ыйлактап” элге жар салды. Себептерин оңдуу түшүндүрө албаптыр. Болгону УКМКнын дарегине бир катар сын айткандан кийин, төрага Абдил Сегизбаев мекеме алдындагы Кадрларды даярдоо институтунда иштеген инисин жумуштан алуу боюнча тапшырма берди дегенди жүйөө катары көтөрүп чапты. Ал түгүл “Сегизбаев сенин колуңан бок келбейт. Сен сапляк делитантсың”, – деп күпүлдөп да алды. УКМК Иманкуловдун бул билдирүүсү боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ