Menu

Гүласал Садырбаева, экс-депутат: «Жаңы келин болуп барганда тамак жасасам жетпей калып, өзүм ачка калгам»

Бөлүшүү:

 

– Гүласал Садырбаевна, «аял кишинин орду үйдө» демекчи, сиздин саясатка аралашып калганыңызга эмне себеп болгон?

– Кесибим биология мугалими. 8-классты бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык училищанын “мектептер бөлүмүн” артыкчылык менен аяктаган соң, башталгыч класстарга мугалим болуп иштеп жүрүп 1975-1980-жылдары билимимди андан ары өркүндөтүү үчүн Ош шаардык педагогикалык ЖОЖду бүтүрдүм. 24 жашымда башталгыч класстарга окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. 80-жылдары Жалал-Абад облусунда жалгыз акылы өсүп жетилбеген балдардын мектеп-интернаты ачылып, ошол жакта окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 12 жыл эмгектенип, кийин ден соолугума байланыштуу мугалим болуп иштеп калдым. Мен жөнөкөй эле мугалим болдум деп айткым келбейт. Себеби Кыргызстандын бардык тармагына кереги жараган улан-кыздарды тарбияладым. Муну мени көргөн окуучуларым дагы аябай сыймыктануу менен айтып келишет. Ал эми саясатка аралашып калышыма агам Дооронбек Садырбаев себеп болгон. 1995-жылы ал киши өзү саясатка аралашып, депутат болуп шайлангандан кийин дагы 4 жолу элдин колдоосу менен депутаттык мандатка ээ болду. Ошол кезде ал киши менен чогуу жүрүп, жолугушууларды уюштуруп, элдин суроо-талабын угуп, маселелерди чечиштин жолдорун үйрөнүп, элге болгон мамилесин көрүп, саясат тууралуу жакшы түшүнүк алдым. Кийин ошол агамдан алган тажрыйбам менен эл үчүн кызмат кылып калдым.

Сыр болбосо жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз?

– Жолдошум экөөбүз мектепте окуп жүргөндө эле тааныш болчубуз. Ал менден бир класс жогорку класста окучу. Ошол жылдары эле экөөбүз кыз-жигит болчубуз. Баш аягы 8-9 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Баш кошоордо эл катары эле сүйлөшүү жолу менен үйлөнөлү дегенбиз. Бирок жолдошумдун үй-бүлөсүнүн шартына байланыштуу ала качып алып барган. Мен деле ала качып баратканын билип эле өзүм баргам. 1974-1980-жылдары ЖОЖдо окуп, турмушка чыгып, бала төрөп, иштегенге да жетиштим. Азыр 3 кыз, 1 уул, 10 неберебиз бар. Небере деген баладан да таттуу болот экен. Жолдошум экөөбүз ар биринин кылыгына кубанып, күлкүсүнө сүйүнүп жашап келебиз. Кудайга шүгүр, балдарыбызга татыктуу тарбия бергендиктен улуулары эки дипломдун ээси болуп, өз кесиптери менен алектенишип, үй-бүлөлөрүнүн камын көрүүдө.

– Алгачкы келин болуп барган күндөрүңүз эмнеси менен эсиңизде калды эле?

– Мен үй-бүлөдө кыздардын кичүүсүмүн. Менден улуулар турмушка чыгып, бөлүнүп кетип, атам дагы эрте кайтыш болуп, үйдө апам, иним үчөөбүз калдык. Үйдөн үчөөбүзгө чактап аз тамак жасап көнүп калып, жаңы келин болуп барганда тамак жасасам эле жетпей калып, өзүм ачка калчумун. Себеби жолдошум көп бир тууган болуп, үйдөн дагы конок үзүлчү эмес. Ал эми аял затына тиешелүү үй жумуштарынын баарын апам үйрөткөндүктөн эрте туруп уй саап, нан жапкандан, үй оокаттарын жасагандан кыйналган жокмун. Бирок жолдошум эртең менен жумушка кеткенден кийин үйдө кишилер бар болсо деле ошол үйдө өзүмдү жалгыз калгандай сезээр элем. Ал келгенче жумуштарды тез-тезден бүтүрүп бөлмөбүзгө кирип, терезеден “эрте келсе экен” деп карап күтчүмүн. Кээде конок келип калганда аларга тамак, чай берип узатып коюп, кайра баягы терезени тиктеп жолдошумду карап отуруп калам. Көнгөнчө аябай кыйналып жүрдүм. Чынында башка бүлөгө көнүш абдан кыйын экен. 2-3 ай көнбөй жүрүп анан көнүп кеттим.

Үй-бүлө болгон соң казан-аяк кагышпай койбойт. Андыктан казан-аяк кагышкан учурда кантип жеңесиз? Кызганычтын айынан кол көтөргөн күндөрү болгонбу?

– Көп жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук дегенибиз менен үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт экен. Бирок андай учурларда экөөбүз тең ачууга алдырып катуу сүйлөп алуудан коркуп, бирибиз ачуулансак бирибиз унчукпай калабыз. Жолдошум кээде эркектигин кылып, күнөө өзүнөн кетип жатса дагы биринчи кадам таштабайт, эч мойнуна албайт. Ошондуктан дайыма мен биринчи мамилени оңдогонго аракет кылам. Ал эми кызганган учурлары болгон. Бирок кол көтөргөнгө чейин барган эмес. Эгер аябай өтө кызганса мен эл аралап, мамлекеттик кызматта иштебесем керек. Жаш кезимде деле мектепте иштеп жүргөндө, акылы кем балдардын кээде түнкүсүн талмасы кармап калат же ооруп калат, ошондо кайсы маалда чакырса ошол маалда мектепке барам. Комиссия келгенде түнгө чейин иштеп, 1-2 айлык атайын окууларга бир нече жолу Бишкекке келип окуп кетчүмүн. Эгер жолдошум менин жумушумду түшүнбөсө өз кесибимди өркүндөтө албайт болчумун. Жолдошум кесиби боюнча бухгалтер. Мен деле аны кызганган жокмун. Башынан эле экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнгөндүктөн кызганыч жактан эч кандай маселе жаралбайт.

– “Кайнененин камырынан” демекчи, кайненеңизге окшош жактарыңыз барбы?

– Менде эки кайын эне болгон. Биринчиси жолдошумду төрөгөн кайын энем, экинчиси баккан кайын энем. Жолдошумдун атасы эрте кайтыш болуп, шартка байланыштуу жолдошумду бир тууган таажеңеси багып калган экен. Өзүмдүн кайын энем өтө катуу аял болчу. Ал үйгө келгенде аябай кызмат кылчумун. Ал эми жолдошумду баккан кайын энем илгери мугалим болуп иштеп калып, бардыгын түшүнгөн, аябай дипломат адам болчу. Билбейм, өзүмдүн мүнөзүмөнбү айтор бир да жолу кайын энелерим менен каяша айтышып, тике карап же алардан катуу сөз уккан жокмун.

– Өзүңүз кандай кайын энесиз?

– Келиниме өз кызымдай мамиле кылам. Бирок ошону дагы келин сезе билиши керек. Кудайга шүгүр, келиним түшүнүктүү, ыймандуу. Өзүм кайын энедей болуп ар нерсени үйрөткүм келбейт. Себеби ар бир баланын дээринде болсо бардыгын өздөштүрүп кете алат. Балама дагы “Аялыңа өзүңдүн карындаш, эжелериңди ойлоп мамиле кыл. Алар дагы бирөөнүн бүлөсү” – деп көп айтам. Башынан эле келин, кыз деп бөлгөндү өтө жактыра бербейм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: