Menu

Пайдалуу кеңештер: Кечикпөөнүн сырлары же тактыкка кантип көнөбүз…

Бөлүшүү:

 

Чынында азыр кечикпей, өз убагында келген адамдар чанда кездешет. Баарыбыз эле кечигип, анан шашып жүрөбүз. Өзгөчө акыркы убактарда биздин кечигүүбүз кадимки салтка айланып бара жаткандай. Муну тойлордон, концерттерден билсек болот. Кандай гана тойго барба, кечикпей башталбайт. Себеби коноктор жок, күтүү керек. Бир саат дегенде араң кечигип келебиз. Эч уялбайбыз. Кечиксе эмне экен деп коебуз. Бул жоопкерчиликсиздик экендигин моюнга алгыбыз келбейт. Концерттерде деле ушундай көрүнүш. Негизи адам убакытка так болгону эң жакшы. Бул кимдир бирөө үчүн эмес, өзүң үчүн керек. Анткени пунктуалдуу адамдар ар дайым ийгилик ээлери болушат. Ар бир нерсе өз убагы жана учуру менен аткарылса иштин натыйжасы жакшырат эмеспи. Сиз дагы ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү кеңешке көз чаптырыңыз.

  1. Психологдордун айткандарына таянсак, адамдардын бүгүнкү кечигүүсүнө кечээки күнү себеп болот. Анткени кечээ кечинде өз убагында уктабаган адам эртеси сөзсүз кечигет. Кеч уктаган адам кеч турат. Анан жумушка да кеч келет, аткара турган иштеринен да кеч калат. Албетте, анан ийгиликке жетише албайт да.
  2. Ар дайым кечигип жүрүү акырындык менен стресске жана депрессияга жеткирет, бул өз кезегинде ишиңиздин артка кетүүсүнө себеп гана болбостон, ден соолугуңуздун начарлашына да өбөлгө түзөт. Андыктан мындан арылуу керек.
  3. Эң биринчи убакыт адамга эмне үчүн керектигин аныктап алуу зарыл. Кимдир бирөө үчүн убакыт акча табууга, дагы бирөөгө билим алууга, башка бирөөгө эс алууга, айтор ар кимге ар кандай максатта керек. Андыктан терең ой жүгүртүп, талдап чыгыңыз да, туура багытты аныктап алыңыз. Эгер чыныгы жоопту тапсаңыз убакыттын баасы сиз үчүн анык болот.
  4. Анан ар бир адам күндөлүк ачуусу шарт. Ал жашооңузду бир топ жеңилдетип, көптөгөн баш ооруткан иштерден арылтып, убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет. Күн сайын кечинде эртең аткара турган пландарды жазуу зарыл. Мүмкүнчүлүк болсо ар бирин убакыт — сааты менен жазган жакшы. Бул адатты күндө кайталаш керек. Бир күн жазып таштап койбой, күнүмдүк адатка айлантып алса жыйынтыгы жакшы болот.
  5. Колдон келсе жумуштарды жарым саат эрте баштаган жакшы. Бул да кечикпөөнүн алдын алып, адамдын жоопкерчилигин арттырат. Анан албетте, күндөгүдөн көп жумуш бүтүрүүгө шарт түзөт. Андыктан жумушка жарым саат эрте чыгып убакытты үнөмдөсөңүз болот.
  6. Көп адамдар кечигүүсүнүн негизи себептерин айланасындагылардан же үй- бүлө мүчөлөрүнөн, жол тыгындарынан издешет. Бирок бул кечигүүгө жооп эмес. Бардык нерсе адамдын өзүндө. Жоопкерчиликтүү адам мындай нерселердин баарын эске алып, ошого жараша иш баштайт. Маселен, жол тыгынын эске алып бир аз эртерээк жолго чыгат.
  7. Анан сөзсүз кечинде уктаар алдында өткөн күнгө саресеп салуу кажет. Кайда кечигип, кай жакка өз убагында бардыңыз жана эмне иштерди аткардыңыз, баарын көз алдыңыздан өткөрүп, кемчиликтерди башка кайталабоого убада берип, сизди ким капа кылса аны кечирип, сиз капа кылган адамдардын сизди да кечирүүсүн өтүнүңүз. Муну жөн гана сөз жүзүндө калтырбай ишке ашыруу керек. Эртең жасайм, эртеңден баштайм деген куру убаданы унутуу зарыл. Жасай турган ишти бүгүн бүтүрүүгө жана айткан убадага бек болууга аракет кылыңыз. Бул сиздин ишиңизди илгерилетип гана тим болбостон, адамдар арасындагы кадыр- баркыңызды, сый-урматыңызды жогорулатат. Анткени баарыбыз эле убадага бек, жоопкерчиликтүү адамдарды сыйлайт эмеспизби.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: