Menu

Фото – Араб принцинин орус тилдүү аялдары кандай жашашат?

Бөлүшүү:

43 жаштагы Дубайдын шейхи Саид бин Мактум аль-Мактум орус тилдүү сулууларга болгон сүйүүсү менен белгилүү. Жакынкы мезгилге чейин анын эки аялы – Минскиден Наташа Алиева жана Бакудагы Зейнаб Джавадли заманбап “Золушка” деп аталып келишкен. Журналисттер БАЭде кыздарды күтүп жаткан араб жомогун суктануу менен талкуулашты. Эгер Станиславский тирүү болсо, анда ал “Мен ишенбейм!” леп айтмак жана анын айтканы туура болмок.

Саид бин Мактум аль-Мактум Дубайдын башкаруучу династиясына таандык. Анын атасы 16 жыл Дубайдын эмири болгон, анын агасы азыр ушул эмиратты башкарат, ага кошумча ал Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин башчысы.

Саид жаш кезинде жаа атууга кызыгып, Олимпиада оюндарына үч жолу катышкан. Ок атууга болгон кумар аны келечектеги аялдарына алып келген. Биринчи аялы жөнүндө эч нерсе билгисиз. Бирок шейхтин экинчи аялы баарынын көңүл борборуна айланды.

Невест шейх аль-Мактум обычно находит на соревнованиях по стрельбе. Фото: Sheikhs de Dubai/Facebook
Беларуссиялык Наталья Алиева ата-энесине көз каранды болбой, өз алдынча акча табам деп чечим кабыл алганда  20 жашка да толо элек болчу. Ал Минск шаарында 1988-жылы катардагы үй-бүлөдө төрөлгөн. Апасы беларус, атасы азербайжан. Наташа университетте окуусун Беларуссиянын борборундагы элиталык мейманканалардын биринде официант болуп иштөө менен айкалыштырган.
2007-жылы августта Саид бин Мактум аль-Мактум Минскиге ок атуу боюнча мелдешке катышуу үчүн келген. Ал биринчи жолу Наташаны бөлмөсүнө бир стакан шире алып келгенде көргөн. Ошол эле учурда ал ансыз кете албайм деп чечкен. Алар жолуккандан бир жумадан кийин шейх беларуссиялыктын ата-энесине барып, колун сураган. Алар жаштарга батасын беришкен. Кыздын атасы никени расмий жолго салууну талап кылган.
Той Минск шаарында болду. Бул майрам араб шейхи үчүн жупуну болду. Саид журналисттер анын үйлөнгөнүн билбеши үчүн (жок дегенде үйгө кайтып келгенче) тойду  мүмкүн болушунча тынч өткөрүүгө аракет кылды.

2007-жылы сентябрда жаңы баш кошкон түгөйлөр Дубайга учуп кетишкен. Саид аялына сарайдын ачкычтарын, жеке айдоочусу бар унаанын документтерин тапшырды жана ага жан сакчыларын дайындады. Туугандары жана биринчи аялы беларуссиялык кызды жакшы кабыл алышты. Бул Алланын каалоосу болгон окшойт.

Эмираттарда Наташа исламды кабыл алып, атын Айша деп өзгөрткөн. Жаңы жашоого кошулуу үчүн ал англис тилин өркүндөтүп, араб тилин үйрөнө баштаган. Саид аялынан эч нерсесин аяган эмс жана ага мыкты мугалимдерди жалдаган. Кызы төрөлгөндө шейх кайнатасы менен кайненесин Дубайга көчүп келүүгө чакырган. Бирок Натальянын ата-энеси андан баш тартышып, конокко келүүнү убада кылышкан.

В Дубае Наташа сменила имя и стала Айшей.Дубайда Наташа атын өзгөртүп Айша болгон.

Алгач жубайлар ынтымакта жашашкан. Наташаны экинчи аял деген статус уялткан эмес. Бирок кийин мамиле начарлай баштады. Башка өлкөдө өскөн Наташа жолдошунан анын оюн эске алуусун, ага тандоо укугун берүүсүн суранды. Шейхке бул жакпай, ал экинчи аялына акаарат келтирип, коркутуп, ал мен жолукпай да калган.

2015-жылы Саид бул жолу Азербайжанда өткөн атуу боюнча дагы бир мелдешке барган. Ал үйүнө үчүнчү аялы – азербайжандык гимнаст Зейнаб Джавадли менен кайтып келген. 23 жаштагы Зейнаб дүйнөлүк жана Европа чемпионаттарына катышып, жеңишке жетип келген. Бирок шейх менен жолугушуу анын спорттук карьерасынын жыйынтыгы болду.

Алардын ртосула роман бир заматта башталды. Көп ойлонбостон, жубайлар никесин катташты. Жаман тилдер Зейнаб Наташанын көчүрмөсү деп ырастаган. Алардын айтымында, Саид жаңы аялынан экинчи аялынан көргөн нерсени – жөнөкөйлүктү, чын ыкластуулукту, дилгирликти тапкан. 2016-жылы жайында Зейнаб күйөөсүнө Сана аттуу кыз төрөдү. Андан кийин дагы Асия жана Салама аттуу кыздар төрөлгөн.

Зейнаб обращалась за помощью в посольство Азербайджана в ОАЭ. Но там сказали, что ничем не смогут ей помочь. Фото: zeyn7/Instagram

Саид Зейнаб менен үйлөнгөндөн кийин Наташадан алыстай берди. Беларуссиялык аял күйөөсү тарабынан толук колдоо алып, өзүнүн үйүндө кызы менен жашаган, бирок ошол эле учурда аны көргөн эмес. Зейнаб Наташанын тагдырын кайталабайт жана күйөөсүн сактап кала алат деп үмүттөнгөн. Бирок үчүнчү кызы төрөлгөндөн кийин, алардын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Шейх Зейнебге көңүл бурууну токтотту. Чыр-чатактар ​​жана уруштар башталып, натыйжада ажырашууга алып келген.

Жакында Зейнаб социалдык тармактарда жардам сурап кайрылды. Видеокайрылуусунда ал бир нече жумадан бери балдарын уурдап кетүүгө аракет кылган адамдар анын артынан кууп жүргөнүн айткан. Алар мурдагы жолдошу белек кылган вилланын аймагына кирип, коркутушкан.

– Мен балдарымды бейтааныш адамдарга бере албайм. Бирок бул жерде мыйзам иштебейт, – деди Зейнаб, дээрлик бир жылдан бери ар дайым стрессте жашап келе жатканына нааразы болуп: аны куугунтуктап, коркутуп жатышат жана күйөөсү менен ажырашканга чейин ал дайыма физикалык жана психикалык зомбулукка кабылып келген.

– Күйөөмдүн менеджери мени шылдыңдады. Бирок эч ким мага жардам бергенге же коргогон жок. “Баары бул шейхтин иши, биз эч нерсе кыла албайбыз”, – деп кошумчалады азербайжандык аял. Зомбулук боюнча фактылар сакталган уюлдук телефонун тартып алышкан.

В последнем видео, которое Зейнаб опубликовала в соцсетях, она рыдает и рассказывает, что у нее пытаются забрать дочерей. Фото: zeyn7/Instagram
Зейнабдын достору жана туугандары анын өмүрүнөн коркушат. Акыркы күндөрү ал байланышка чыгууну да токтотту.

“Ал эркин жашоого кайтып келип, Дубайдан кеткиси келет, бирок шейх буга жол бербейт” деди анын досторунун бири.

Азербайжан жарандыгын сактап калган Зейнаб Джавадли БАЭдеги Азербайжан элчилигине жардам сурап кайрылганы белгилүү болду. Бирок ал жактан ага эч нерсе жардам бере албайбыз деп айтышкан.

Булак: kp.ru

Кыргызчалаган: КyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: