Menu

Мэр Албек Ибраимов шектенүүнү жаратты…

Бөлүшүү:

Ош базардагы соода орундары өрттөнүп кеткен сатуучулар 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, премьер-министр Сапар Исаковду көйгөйлөрүн угушун талап кылышты. Белгилей кетсек, 14-апрель күнү Ош базардагы «Берекет» соода борборунда өрт чыгып, көпчүлүк соодагерлердин товарларынын баары күлгө айланып калган. Бул окуядан кийин Бишкек мэри Албек Ибраимов: “Ош базарын көчүрүш керек” – дегенди айтып чыккан. Мэрдин бул билдирүүсү базарды көчүрүш үчүн атайын өрттөө болгон окшойт деген көз карашты жаратты. Анткени Ош базары ушуну менен үчүнчү жолу өртгөндү. Мындан улам, бул кырсыктар кимдир бирөөлөр аркылуу атайын жасалып жатат деген шектенүүнүжаратты. Бишкек шаарынын мэри Ибраимовдун «базарды көчүрүш керек» деген сөзү дал ушундай шектенүүгө жем чачып койду. Арийне шектенүүгө негиз бар. Себеп дегенде мэр буга дейре «Дыйкан» базарын дагы ар кандай айла-амалга салып, басым-кысым кылып жатып, соодагерлерди өзүнө тиешелүү делген «Сары-Өзөн» базарына көчүрүп тынган. Эми дагы ошол адаты кармап жатса керек…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: