Menu

Оппозиция референдумга каршы кол топтоого киришти!

Бөлүшүү:

– “Референдумга жол жок кыймылы” жетиштүү добуш топтоп, Конституцияны өзгөртпөй сактап кала алабы?

Самсаалы Четинбаев, УОКтун мүчөсү: “Эл кыжырданса “илибой” бийликти кууп жибере алат!”

– Бийликтин ээси эл! Эл жапа тырмак киришип, өзүнүн эртеңки тагдырына кайдыгер карабай, “эртеңкибизге бүгүн кам көрөлү” десе, жыйынтык чыгат. Эл деген эл! Элден айланса болот! Элди көзүнө илбей, каалаганын жасап аткан бүгүнкү бийликти да эл бийликке алып келген. Бирок булар аны унутуп калды көрүнөт. Жалпы эл кааласа, кыжырданса “илибой” бийликти кууп жибере алат! Аны кечээ күнкү эле тарыхыбыз айтып турат! Эл менен ойношпош керек! Эл менен ойношкусу келген экөөсү кайда жүргөнүн бүгүнкү бийлик унутуп бараткандай…

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы: “Ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт”

– Мындай өтө чоң жана машакаттуу ишти, “көпчүлүгү текебер адамдар ишке ашырып кетет” деп ишене албай жатам. Болгону булар чоң, президентке ишенбөөчүлүк акциясын уюштурушат го деп ойлоп жатам жеке оюмда. Бул иш чоң акча каражатын талап кылат, а булар андай акчаны чыгарып жан дили менен өздөрү шаарларда, айылдарда кол топтошпой, борбордо олтуруп алып саясый билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көрүшөт. Ал эми иштин деңгээли “ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт”- дегендей болот. А куйрук көңүл толоорлук иш жасабайт…Бул өтө чоң саясий ишти аткарыш үчүн, биринчи өтө жөнөкөй болуп, кадыр-баркты, акчаны жана өз тагдырын тобокелге салып, жөнөкөй адамдардан дагы ылдый болуп, көчөлөрдө кол чогултуп, ачка-ток эл аралап жүрүш керек болот. Булардын көпчүлүгү борборлордо олтуруп алып пресс-конференция уюштуруп, таза кийим менен бирөөлөрдүн эмгегинин үстүнөн билдирүү жасап олтурганды өтө жакшы көрүшөт…

Тимур Саралаев, активист: “Эч ким кепилдик бербейт”

– “Референдумга жол жок” кыймылы эми, бүгүнкү күндөн баштап кол топтоо демилгесин баштады. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде кол топтоого болгон күч-аракетин жумшайт. Биздин план – максимумду чогултуш. Мына, бүгүн эле “кайсыл жерге барып кол койсок болот?”- деген суроолорду берип жатышат. Андан тышкары “демилгеге кошулабыз” деген ар түрдүү топтор чыгып жатышат. Булардын баардыгы өзүнүн салымын кошушат. Бирок бийлик элдин башын оорутуп, дежурларды теле менен ММКларга улам-улам чыгарып, коомчулуктун сөзүн укпай билгенин кылса, анда референдумду өткөрөт. Ал эми андан кийин эмне болооруна эч ким кепилдик бербейт.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын төрагасы: “Ак үйдөн телефон чалуу күтүп жүрүшсө, азыр эле токтотуп коюшсун”

– “Референдумга жол жок” жүргүзүп жаткан иштери коомчулукка жете элек. Ал үчүн каржылык жагын чечиш керек, Мындан сырткары республикалык жана облустук, райондук, шаардык штабтар ачылып, газеталар жана башка массалык маалымат каражаттарында салмактуу саясатчылар жана коомдук ишмерлердин макаласы, саясый партиялардын билдирүүлөрү тынымсыз чагылдырылып иштеш керек. Бул саясий өнөктүккө саясий күчтөрдү топтой алышса жыйынтык чыгат. Анан жөн эле “Ак үйдөн ким чалат?”- деп күтүп жүрүшкөн болсо токтоткондору жакшыраак го.

Асылкын кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: