Menu

Кыңыр иштер жана катылган мүлктөр тууралуу

Бөлүшүү:

Саясатта Атамбаев менен Текебаев өңдүү эки дос алыша кетип, ортодо айтылбачу кептин баары айтылып, далай сырлар чачылып эле жатып калды. Кыңыр иш кырк жылда билинет дечү эле кыргыз, кырк жылга деле жеткен жок. Бир заматта эле салынган үйлөр, басылып алынган жерлер чууруп чыгып отуруп, аягында бул жалган менен табышмактуу кош айтышкан азирети муфтийибиз ыраматылык Мураталы ажы Жуманов тууралуу да айтылды. Эмесе, бүгүн фейсбук баракчасынан алынган жыйнагыбызды ошол адам тууралуу маалымат менен баштап берсек…

Бейшенбек Бекешов

Бейиши болгон Мураталы ажы жаштыгына карабай турмуштун ар бир жаңылыгын илгиртпей түшүнгөн баамчыл, эч убакта бирөөгө катуу айтпаган, оозунан эзели жаман сөз чыкпаган, адамкерчилиги, улуу-кичүүгө мамилеси өтө бийик исламий аалым эле.

Ал муфтий, мен КТРде директордун орун басарымын. Диний көрсөтүүнү эфирге чыгаруу тозоктун тозогу. Эптеп молдолор акчасын төлөдү аты кылып орозо мезгилинде бир маал азанды араң обого чыгарабыз. Орозо аяктап калганда телефондон сүйлөшүп алып Мураталы ажынын кабинетине өзүм бардым.

– Ажы аке, – дедим. – Сен тарыхта калчу бир иш бар. Орозо айт жакындап келатат. КТРдин эфиринин эң төмөнкү коммерциялык баасы 1 мүнөтүнө миң сом. Эптеп бир 60 миң сом тап. Мен муфтият эфирди сатып алды кылып, айт намазы учурунда 1 саат эфир алайын. Жарым саат өзүң дават кыласың, жарым саат элди намаз окутасың. Анан ошону тартып түз эфирде көрсөтөлү. КТРдин тарткан акысы эле андан алда канча чоң болот. Мен аны эптеп ыгын таап жаап коёюн. Намаздын эфирде көрсөтүлгөнү намаз окугандар үчүн кереги жок. Бирок намаз окубаган жүз миңдеген киши телевизордон көрүп олтурса, андан өткөн даават болобу?

Мураталы ажы мунун маанисин дароо түшүндү. Мени менен талашып-тартышкан да жок. Унчукпай бир топко турду да:

– Бейшен аке, 50 миң сом кылың, – деди. Мен күлүп, эми жетпеген 10 миң сомдун жарасы жеңил экен. Муфтияттын акчасын үнөмдөп жатат да бу деле. Арга кетсе демөөрчү табылаар деп ойлоп, кол алышып кете бердим.

КТРдин чоңу Кыяс Молдокасымов эле. Акчанын кемигенин айтсам этибарга деле алган жок. Мейли, уюштура бергиле деп кол шилтеп койду.

Айт намазынын ошол алгачкы түз эфири укмуштай сенсация болду. Мураталы ажы да дува кылганда “Ушу алакан жайып телевизор көрүп олтургандардын да дувасы кабыл болсун!” – деп бүт өлкөнү бир жамаатка айлантып бата кылды. Бүт өлкөнү бир жамаатка айлантып намаз башкарып, бата кылуу кимдин түшүнө кирет эле. КТРчилер да кайдан-жайдан автокрандарды жалдап келип, аларга операторлорду чыгарып, аябай кооз кылып тартып көрсөттүк.

Ошентип айт намазын түз эфирде көрсөтүү салтка айланды. Аны кийин КТРге жетекчи болуп барган ыраматылык Мелис Эшимканов да токтото алган жок. Бирок айт намаздарын акчасын төлөтпөй акысыз көрсөтүү 2010-жылдан кийин гана мүмкүн болду. Ошентсе да мунун маанисин бүгүнкү күндө деле билген бар, билбеген бар. Эмнеси болсо да Жараткан Кудай арабыздан кырчынында кеткен аалымыбыз Мураталы ажыга Бейишин берсин. Анын ушул элдин жакшылыгы, ыйманы, аруулугу үчүн жан үрөп жашап өткөнүнө аны жакындан билгендердин баары күбө. Анын Кудай деген эркин эң мыкаачы зөөкүрлөр да сындыра албаганын билебиз.

Нурмухаммед Жумабеков “Санаага салган саясий сойкулук”

Менин бир айылдаш агам бар. Пайгамбар жашына жакындап калды, а мүмкүн алтымыштан ашып кеткен чыгаар… Мен ал кишинин жашын эмес, кандай жашаганын өзүмө жана өзүмө окшогон жаштарга, айрыкча саясат майданына сапар алгандарга пайдасы тиер деп жазып жатам. Мен эс тартканда ал киши “Алга Кыргызстандын” желегин айылга алып келип илген. Арадан жылдар алмашкан соң “Ак Жолдун” аймагыбыздагы атаманы болуп келип калды. Кайран киши талапкер болгону менен мандатка малдаш токунуп отура алган жок. Апрелде ажо артын карабай качкандан кийин күзүндө парламенттик шайлоодо баягы байке дагы келди. Азамат десе, бул жолу “Ак Шумкардын” канатына конуп алыптыр. Сариевдин жанына жанаша түшкөн сүрөтү айылыбызда бакыйып илинип турду… “Ак Шумкар” Жогорку Кеңешке өтпөй калды… А бирок айыл ал кишини аз да болсо колдоп берген. Андан кийин ал байкенин дайыны жок. Беш жыл сайын шайлоо эмеспи, 2015-жылы айылыбыздын алдыңкы адамы (өзүн ошентип ойлосо керек) жарк деп айыл-апанын арасын аралап калды. Бул жолу “Республика-Ата Журттан” келиптир, тим эле алдыңкы тизмеде. Айтымында агасы илгертен эле РАЖды колдочу экен. “Ак Шумкарды” апасы жакшы көрчү экен, “Ак Жолдо” досу бар имиш. Айтор, ушундай. Бирок бул жолу эл ишенген деле жок. Анысын өзү да сезген окшойт. 4-октябрь күнү спринтерлер менен шайлоочулар шаардан ташылды. Көрсө, “Форма 2” дегенди Тайырбек таап чыккан экен. Ошону пайдаланып жатып айылдан алдыга араң чыкты. Бирок менин “баягы-ы байкем” депутат болбой калды… Эмнеге ыя? А мүмкүн биз ар күнү ашатып сөккөн Ак Үй дагы саясий сойкуларды жаман көрөт окшойт ээ?

Семетей Талас уулу

Өткөндө ЦУМ тараптан кесиптеш иним Кудрет Тайчабаровго жолугуп калдым. Көптөн бери жолукпаганга сөзүбүз оо далайга кызыды. Бир дем токтобой 2 саатка чукул сүйлөшүппүз. Айтып отурганын уксаң эми укмуш, пай-пай, саясатчылардын далай “секреттерин” билет экен. Өзү да аралашкан жерлери бар)))

Эми ошол окуяларды китеп кылып жазганга бел байлап жүрүптүр. Ал китеп чыкса бестселлер болчудай. Себеби, саясатчылардын көшөгө артындагы жашоосу, селкилер, арам акча, сауна жыттанган китеп чо-оң резонанс жаратары бышык. Китебиңди күтөбүз Кудрет иним, бирок өзүң абайла кокуй. Аты-жөнүн жарыялап салбай Какиш-Пакиш деп эле жаза келгенде эл өзү түшүнүп алат.

Майрамбек Абдрасулов

Эки күндөн бери күндүн, то есть фейсбуктун темасы Фарид Ниязов болуп атат. Шеф ден-соолугун чыңдап алсын. Эми Фарид Ниязов Атамбаевдин эң жакын адамы. Фарид Ниязов 2010-жылдан кийин катуу байып кетиптир. 13 жер тилкеси бар экен. Президенттин досу Албек Ибраимовдун 32 жер тилкеси жана 100 гектар жери бар экен. Бул жер тилкелери гана. Үй, особняк, кафе-ресторандарын эсептебей туралы. Элестетип атасыңарбы???

Буга чейин президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарынбаев дагы коррупция беренеси менен камалбадыбы. Демек, Атамбаевдин жакын адамдары ушундай булганыч ишке аралаш болсо бул бийлик толук эле “иши бүтүп калган” экен деп тыянак чыгардым.

Эми, 1-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жумушка чыгышы керек. Ал келсе дагы көп суроолор бар. Ал кишинин тез сакайып кетишин каалайм!

Эрнис Кыязов

АБСОЛЮТТУК БИЙЛИК кимди болбосун чалчаңдатып, тайраңдатып жиберет, анткени пенденин табияты ошондой окшойт… Пендең кургур курсагы ачта башкача, курсагы токто башкача ойлонот эмеспи, ашыра тоюп алганда өтө ач кезин тез эле унутуп калат бечара. Курсак напсиси менен бийлик напсиси дээрлик окшош эле. Азыр системабыздын аты эле “парламентаризм” болбосо, ак үй-көк үйдүн баары, бизнес-журту, кызылдар менен каралары, партиялар менен соттору….баары БИР КИШИНИН урматы үчүн бери карап жылмайып, ары карап өз арбайын сого берген заман болбодубу. Тиги киши “мага гана кулдук ур” дебеген чакта деле, ушундай бир системаны куруп алдык дейсиз. БИР КИШИГЕ караштуу паровозго түшүп алдыңбы, бүттү сен асти кор болбойсуң. :)Эң негизгиси, темселеп паровоздун артында да калбай, “ура-алап” алдыга да секирип кетпей, о-оортосунда кылды-раа-ап жүрүп бараткандай түр көрсөтө алсаң ийгилик акыры сеники. Кыскасы, Батыштын демократиясына Кокондун чапанын кийгиз да, сыр алдырбай демократтарча жөтөлүп коюп жашай бер. :)Көбү жакшы көргөн, көбү жаман көргөн Текебаев бир нерсени такай моюнга ала жүрмөйү бар. Өзүнө көп бийлик топтоп алган кишинин иши акыры жакшылык менен бүтпөй турганын, бийликтин чалчандап кетүүсүнө жол бербей турган система керек экенин Акаев, Бакиев учурунда көп айтып жүрдү эле, эми азыр деле БИР КИШИНИН колуна амалдуулук менен көп бийлик топтолуп калганын сезип атабы, жокпу, же президенттик аламан байгенин тизгинди коё берчү моментин күтүп олтурабы, айтор, айлана -тегерек кулак-мурун кескендей мемиреп тынч. Кээде гана майда-чүйдө оппоненттердин “чыйк-чуйк,кыйк-пыйк..” деген үндөрү болбосо, негизинен жымжырттык. Жөн жымжырттык эмес, “алжыке ажонун аны-мунусуна кичине чыдай туралы” деген шектүү жымжырттык..

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: