Menu

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына коопсуз аймактан жер берилет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна кол койду. Бул токтом Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордун жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө багытталган. Ага ылайык, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35 га кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, зарыл болгон учурда жогорку вольтуу электр берүү линияларын чыгаруу же курууд үчүн каржылоо булагын аныктоо тапшырмасы берилген. Мындан тышкары жер иштерин жүргүзүүдө тийиштүү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана максаттуу пайдалануу камсыз кылуу милдеттендирилген. Жогорудагы иш чаралардын аткарылышын контролдоо Өкмөт Аппаратынын агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлдү.

Эске салсак, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылына барып, 2016-жылдын апрель айында болгон жер көчкүдөн жабыркаган жергиликтүү калк менен жолуккан. Анда элдин негизги суроо-талабы турак жай куруу үчүн коопсуз аймактан жер берүү болгон. Премьер-министр ссудаларды жана жер тилкесин алуу шарттары иликтенип чыгарын жана Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары үчүн коопсуз жайдан жер берүү маселеси караларын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: