Menu

Кадыржан менен катыштыгы бардыгына кооптонуп…

Бөлүшүү:

Бирде бириге калып, кайра амбициялары ажыраштырып жиберип жаткан оппозиция борбор калаабызда курултай өткөрө турганы маалым болду. Бул курултайдын уюштуруу иштери менен учурда ары-бери чабагандап жүгүрүп жүргөн саясатчы – бул мурдагы УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экен. Мурда оппозициянын ар кандай иш-аракеттерин Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров өңдүүлөр уюштуруп, К. Дүйшөбаев сыяктууларды «келбейсиңерби?» деп катарларына кошо албай эле убара болуп жүрүшчү. Бу саам Кеңешбек мырза өзү демилге көтөрүп, өзү буту-бутуна тийбей чуркап жүргөнүнөн улам оппозиция жээгиндегилер да күлүп отурушат дейт: «Чурка, чурка, булганган көчүгүң кургаганча чурка» деп. Мындан улам «Дүйшөбаев эмнеден чочулап, эмнеден кооптонуп жатты болду экен?» деген суроо жаралат. Кыязы, апрель революциясынан кийин «алтын балык» кармап алгансып бат эле байып чыкканы ачыкталып калганынан тынч ала албай жатабы? Эске сала кетсек, буга чейин маалымат булактарынын бирине анын акыркы 6 жылдын ичинде кандай мүлктөргө ээ болгону тизмектелип жарыяланган. Аны окуган мекендештерибиз: «Булар революциянын арты менен укмуштай байып алышкан тура, кайран гана кырчындай кезинде кыйылган жигиттер…» деп муштумдарын түйүп отурушканы белгилүү. Мындан сырткары айрым маалыматтарга караганда, сепаратист Кадыржан Батыровдун 2010-жылдын июнь коогалаңынан кийин мамлекет чек арасынан мыйзамсыз чыгып кетишине К. Дүйшөбаевдин да салымы бар деген имиштер желдей жортуп жүрөт. Балким мына ушул кыңыр ишинин ачыкка чыгып калышынан коркуп «курултай өткөрөт элем» деп буту күйгөн тооктой чуркап жүрөбү?

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: