Menu

Темир Сариев, экс-премьер министр: “Президенттик шайлоого даярдык көрүп жатам”

Бөлүшүү:

– Темир мырза, сиз Тамчы-Корумду жолун курууда 6 миллион доллар жеп коюп,  натыйжада тердеп-кургап сурак берип жүргөнүңүз айтылып жатат…

– Тамчы-Корумдун жолун куруу туура чечим болгон. Буюрса жол салынып бүтөт. Бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң түрткү берет. Анткени Орто-Азияда Ысык-Көлдөй керемет бир дагы жер жок. Мына салынып жаткан жолдун сапаты эң жогорку деңгээлде экенин адистердин баары айтып жатышат. Учурунда тендерден уткан компаниянын жол куруу боюнча лицензиясы жок экен, иштей албайт дешкен. Мунун баары куру шылтоо экени далилденип отурат.

Учурда президент менен Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча тендерди өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатат. Мен эки жолу күбө катары суракка бардым. Айрым маалымат булактары жазгандай тердеп-кургап 6 саат сурак берген жокмун. Эгер мени жол куруу иштерин эмнеге баштадың эле деп күнөөлөй турган болушса, мен бүгүнкү күндө дагы жоопкерчиликти алганга даярмын. Алты миллион доллар алды деген карандай жалган.

– Каражат жок баштап салышкан дегенге кандай карайсыз..?

– Ооба, акчасы жок, каржы булагын көрсөтпөй баштап салышты деген жүйөлөр айтылды. Бизде 25 жылдан бери акча жок. Бюджет тартыш. Каражат жок деп отура берсек, эч нерсе кылбаш керек. Өкмөт башчы болгондон кийин сөзсүз түрдө амбициялык пландарды коюп, акча таап салыш керек. Мына былтыр мен апрель айында өкмөт башчы болуп келген 16 жарым миллиард сом кошумча булагын таптым. Инвестициянын көлөмүн 1 жарым миллиард долларга жеткиздим. Аткаруу бийлигинде иштин көзүн таап, болгон мүмкүнчүлүктү мобилизация кылып иштөө зарыл.

– Конституцияны өзгөртүү боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Биз Конституцияга карап түздөнбөй, Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап түздөгөнгө көнгөнбүз. Жыйырма жылдан бери ушундай. Мына 4 фракция демилге кылып, өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бирок сын-пикирдин баары президентке багытталып жатат. Укуктук жагын карасак,  өзгөртүү демилгесин төрт фракциянын жетекчилери көтөрүүдө. Демек жоопкерчилик маселеси да буларга тиешелүү болуш керек. Мен буга чейинки кайрылуумду айткам, элибизди бушайманга салбай, талаш-тартышты Конституциялык кеңешме түзүп, ийри отуруп, түз кеңешип чечүү керектигин.  Албетте, өзгөртүлүп жаткан Конституцияда кандайдыр бир кардиналдуу өзгөрүүлөр жок. Демек, Конституциянын өзгөрүшү турмушубузга оң же терс таасирин тийгизбейт. Бир гана куран менен Библияны өзгөртө албайсың. Бул догма. Калган нерселердин баарын заман талабына, турмуш шартка байланыштуу өзгөртсө болот. Бирок баары өзүнүн ирети, жолу менен болгону жакшы. Мына учурда саясий тирешүүлөр болуп жатат. Муну баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Коомчулук тынчсызданып, кооптонуп турат. Мындан улам бир нерсени белгилеп коюу парз. Биз революциянын лимитин түгөттүк. Албетте, революция прогресске умтулуп жасалат, ошол эле учурда артка кетүү дагы орун алат. Башаламандыкты токтотууга көп каражат, убакыт талап кылынат. Эң башкысы чоң өзгөрүү болбосо, элдин ишеними кетип калат. Ишеним кетсе, ишти алдыга жылдыруу кыйын. Ошондуктан маселени кеңешүү жолу менен чечкен оң. Ультиматум коюп, кооз сүйлөгөн туура эмес.

– Конституцияны өзгөртүү аркылуу Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин өзүнүн таасирин сактап калууга аракет көрүп жатат дегенге кошуласызбы?

– Жок. Президент кызматтан кеткенден кийин, жарым жылдан соң көп нерсе өзгөрөт. Анткени кийинки келген жетекчи кимдир бирөөнүн жетегинде калат деп ойлобойм. Эл алдында берген убадаларын аткарышы керек. Өзүнүн көз карашын, сөзүн билдириш керек. Анан бирөөнүн көзүн карап турган адам, мамлекет жетекчиси болуп иштей албайт. Аны бийликке келген ар бир жетекчи жакшы түшүнөт.

– Кыргызстандын ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдиги) киришине сиздин аракетиңиз чоң болду. Учурда дыйкандарыбыз айыл чарба продукцияларын сата алышпай кыйналып жатышат. Шашылыш эрте кирип алган эмес белек?

– Биз экономикабыз чакан агрардык мамлекетпиз. Өндүргөн продукциябызды Казакстан менен Россияга гана сатууга мүмкүнчүлүк бар.  Европа, Америка же Кытайга сата албайбыз. Талаптары өтө жогору. Мен ЕАЭБге кирип жатканда эле парламентте май көл, сүт көл орноп калбашын айткам. Кирбей койсок деле болмок. Азыр деле чыгып кетүүнүн жолдору каралган. Бирок чыгып кеткенде продукциябызды кайда алып барып сатабыз? Бирок бизде ЕАЭБге киргенден башка жол жок болуп жатпайбы? Бул биримдик биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаратат. Туура, бизди кучак жайып тоскон эч ким жок. Бирок биз алакан жайып отура бербестен, ири көлөмдө таза продукцияны өндүрө алсак, коңшулар тоскоолдук жаратмак түгүл өздөрү келип ташып кетишет. Биз ошол нерсеге жетишкенге аракет көрүшүбүз зарыл. Ири коллективдештирилген чарбаларды түзүп, логистикалык борборлорду курушубуз абзел. Ошондо гана дыйкандар өндүргөн продукциябызды сата албай жатабыз деген көйгөйдөн арылат.

– Учурда Кыргызстандын Тышкы карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып, 70 пайызга чукулдап калганы айтылды. Бул жагдай экономикалык жактан алган өлкөгө канчалык кооптуулук жаратат?

– Мамлекеттин карыз алганынан коркпош керек. Экономиканы, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган каражаттан чочулоонун кажети жок. Алынып жаткан насыялардын үстөк пайызы 0,75 пайыз. Мөөнөтү узак. Бери дегенде 30-40 жыл. Алгачкы 5 жылдан 10 жылга чейин каникул берилет. Ошол эле түндүк-түштүк жолунун курулушу, “Датка-Кемин” подстанциясынын, электр линиясынын курулушу мамлекетибизге керек болчу. Эл аралык нормалар боюнча алынган карыздар ички дүң продукциянын 80 пайызына жетсе, кандайдыр бир деңгээлде тобокелчилик жаратышы мүмкүн. Бирок карызы ички дүң продукциянын 120 пайызына чейин жеткен өлкөлөр бар. Биздин өлкөнүн экономикасы чакан. Эки ири завод курсак эле ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, тышкы карыз 30 пайызга түшүп калышы мүмкүн. Андыктан коркунуч жаралат дегенге азырынча эч кандай негиз жок.

– Президенттик шайлоого барасызбы? Барсаңыз саясий күчтөр менен биригүү максатыңыз барбы?

– Шайлоого карата даярдык болуп жатат. 2000-жылы бизнестен кетип саясатка келдим эле, ошондон бери саясатта жүрөм. Алдыда дагы 1-10 жыл саясат менен алек болууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан учурда башка саясатчылардай эле мен дагы шайлоонун камын көрүп жатам.

– Президент болуп калсаңыз Конституцияны өзгөртөм деп чыкпайсызбы?

– Эми жакшыртуунун чеги болбойт да. Бирок мен башында айтып кеткендей, адам өзүн эрежеге көндүрүш керек.

– Президент Алмазбек Атамбаев 60 жылдык юбилейине чакырдыбы?

– Жок, чакырган жок. Бирок куттуктоомду жибергем. Алыптыр, рахматын айткан жообун алдым.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: