Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Тажикстанда банк секторун реформалап жана жаңылоо үчүн 100 миллион доллар насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бирок өлкө бир нече шартты аткарса гана бул акчаны алат.
Насыя Тажикстандын банк секторунун бекемделишине багытталган аракеттерди колдоого багытталат. Бул тармак учурда оор абалга кептелген. Өлкөнүн ири банктарынын абалы 2014-жылдан бери кескин начарлап кетти. Эл аралык валюта фонду аз күн мурун жарыялаган баяндамасында Тажикстандагы эки банк төлөө кудуреттүүлүгүнөн ажыраганын билдирди.
Кеп «Точиксодиротбанк» жана «Точпромбанк» жөнүндө болуп жатат. Улуттук банк аларга майдан бери убактылуу администрация дайындаган. Оор каржылык кырдаалга «Агроинвестбанк» дагы туш болду. Адистердин баалашынча, ал жакта абал кризиске кептелүү алдында.
Тажикстан бийлиги, жетекчилердин туура эмес башкаруусу банк чөйрөсүндөгү каатчылыкты шарттады деп эсептейт. Өлкөнүн каржы министри буга чейин банк башчылары акчаны сарамжалдуу пайдалангандын ордуна жаңы имараттарды куруу менен алек болгонун, бул жыйынтыгында каатчылыкка кептегенин айткан.
Эмгек мигранттар жөнөткөн акчалардын көлөмү кыскаргандан кийин каатчылык күчөгөн. Ошондон тарта өкмөт айрым тажик банктарындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууга аракет жасап баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ