Menu

Байтемир Ибраев, экс-прокурор: “Кадыржан Батыров биздин жаран. Ал оор кылмыш кылып соттолгон”

Бөлүшүү:

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп келет. Биздин күч органдарыбыз унчукпай олтурат. Кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жаккан Батыровду кармай албаган органдарга кандай баа берсек болот?

 

– Бул жерде күч органдарын таптакыр күнөөлөгөн болбойт. Кыргызстан менен биргеликте түзүлгөн Эл аралык келишимдер иштеши зарыл. Ансыз болбойт. Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биздин прокуратура иштебей жаткан жери жок. Мисалы Кадыржан кечээ берген интервьюсунда “Мен Крымда жүрдүм эле анан Кыргызстандын прокуратурасы ошол жакта жүргөнүмдү билип калып алып кетейин дегенде сездим да Щвецияга кетип калдым”- деди. Эгерде Эл аралык келишимдер иштебесе башкы прокуратура же милиция болбосо коопсуздук кызматы эч нерсе кыла албайт. Булар бир гана “Кадыржан Батыров биздин жаран. Ал оор кылмыш кылып соттолгон. Аны кармап бизге өткөрүп бергиле”- деген талапты жибергенге укуктуу. Талап жибергенден кийин ТИМ иштөөсү керек. Эл аралык келишим же Эл аралык мамиле башкы прокуратуранын иши эмес, бул ТИМдин милдети. Канчалык биздин мамлекеттин аброю жогору болуп, сөзү өтүмдүү болсо ошончолук Эл аралык келишимдер ишке ашат. Ага жетише албасак анда Эл аралык келишимдерди ишке ашыра албайбыз.

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: