Menu

Исмаил Исаковдун “кулагы” чындап көрүндү

Бөлүшүү:

Сепаратист Кадыржан Батыров Кыргызстандан качып чыгып кеткенин «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына курган маегинде айтып бериптир. Анда 2010-жылдагы июнь коогасын уюштурган деп айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Кадыржан: “Мен 2010-жылы 20-майда эртең менен Жалал-Абаддан чыгып кеттим. Ачыгын айтайын, мени эч ким коркутуп-үркүтүп же жолтоо болгон эмес. Мага Роза Отунбаеванын өтүнүчүн Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков жана Алишер Сабиров жеткиришти”, – деп айтты.

Буга дейре президент Алмазбек Атамбаев 15-сентябрда Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырган. Учурда Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден түзүлгөн тергөө тобу Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу Кадыржан менен тыгыз мамилеси барлар, алдын ала чочулашып, күнөөнү өлкө башчысына оодаруу максатын көздөгөн билдирүүлөрдү таратышып жандалбастап калышкан болчу. Маселен, президенттин тапшырмасынан кийин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгер тергөө башталса Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп көрсөтмө бериши керектигин айтса, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков бул жагдайды саясий куугунтук деп баалап, негедир бул иштен кулагы чыкчудай чочулап, илинчеги бардай тыбыраган. Исмаил Исаковдун минтип чочулап жатышы тууралуу биздин гезит жазып чыккан болчу.

Анан мындай сынга чычалаган Исмаил аксакал: “Урматтуу фабулачылар! Кыйналып күтпөй эле койгула. Кадыржан Батыровду чек арадан чыгаруу же качыруу жөнүндө менден «мандем-сандем» эле эмес, «кулагын» дагы микроскоп менен издесеңер таппайсыңар. Экинчиден, Бакиевдин арамза бийлиги мени мыйзамсыз сегиз жылга камаганда дагы чочуламак тургай, корккон да эмесмин. Ошол учурда бирге жүргөн Алмаз Шаршенович Атамбаевден сурасаңар, ал жөнүндө өтө жакшы билгендиктен, силерге айтып берет. Ошондуктан чочулоо-коркуу маселеси боюнча камсанабай эле койгула. Үчүнчүдөн, Батыровду чек арадан чыгаруу «мандеми» менен «кулагын» жакшылап издесеңер, азыркы эл арасында айтылып жаткан, анттарынан тайып, сөздөрүнө турбаган «мародерлордун» арасынан табылып калышы мүмкүн”, – деген билдирүүсүн өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Исаков минтип оозун куу чөп менен аарчып актанып бүтө электе, Кадыржан Батыров маек берип ашмалтайын чыгарды. Көрсө чындап эле Исаковдун чочулаганындай бар экен. “Менден мандем-сандем эле эмес, кулагымды дагы микроскоп менен издесеңер таппайсыңар” – деген Исмаил аксакалдын сөзү суу кечпей калды. Кадыржан Батыров: “Исмаил Исаков Кыргызстандан 3-4 күнгө чыгып туруумду суранган”, – деп балп этти.  Мындан улам, акыл айтып актануудан мурда алды-артын карап, куйругунда калбыры бары-жогуна бир көңүл буруп койсо дейт элек. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” делет. Чындык акыры бир күн калкып чыгат. Ушул жагын Исаковдун эске албай калганы өкүндүрбөй койбойт…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: