Menu

КСДПны сагаалаган Баратович

Бөлүшүү:

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин босогосун аттаган Анарбек Калматов деген депутат бар эле. Депутат болуп келип, ага да ыраазы болбой президент болот элем деп 2011-жылы президенттик шайлоого да катышып таң калтырган жайы бар. Бир жылдан бери бош жаткан неме депутаттыкты эңсеп сагынып жатканбы, кайрадан депутаттык креслого жетүүнүн жолдорун издеп КСДП партиясынын эшигин сагаалап жүргөнүн эшиттик. Жогорку Кеңешке эмес, ушул жылы өтө турган шаардык кеңешке депутат болот элем деп. Бирок КСДП партиясы дагы Анарбек Баратовичке ачык жообун бербей бушайманга салып жатат дейт. Бир партиядан бир партияга секире берген туруксуз немелер эртең эле «ойт» берип кетпейт деп ким кепилдик берет?!

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: