Menu

Милад Карими: Адамдар Нью-Йоркту эңсейт, мен Кыргызстанды тандадым

Бөлүшүү:

Афганистандын Кыргызстандагы консулу Рахматулла Кариминин уулу Милад Карими учурда Бишкекте билим алат. Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн студент университет тартуулаган бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, адам өзүн өнүктүрүү керектигин баса белгилейт. Афганистан менен Кыргызстанды салыштырып, бизге окшоштуктарын жана айырмачылыктары тууралуу маек куруп берди.

Билим алуу үчүн эмне себептен дал Кыргызстанды тандадыңыз? 

Биздин өлкөдө да жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Мен катышып, жыйынтыгында мамлекет тарабынан эки өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк берилди. Казакстан менен Кыргызстанды интернеттен карап маалымат алдым. Кыргызстандын кооз жерлерин көрүп, бул жакта окууну тандадым. Учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө 3-курста окуймун. 2015-10-31-13-27-48

 Бишкектеги алгачкы жумаларыңыз кандай сезимдер менен коштолду?

Кээде адам баласы коркот, тааныбаган өлкө, жерлер, адамдар… Эң биринчи маданиятты үйрөнүш керек. Адамдар менен мамиле курууну билүү маанилүү. Кыргызстанга көнүп кетүү кыйын болгон жок. Анткени буга чейин чет өлкөлөрдө жашагам. Бишкек шаары өтө чоң эмес. Негизи чет элдиктерге кызыгуу көп болот эмеспи. Адамдар менен баарлашып, пикир алмашуу менен көнүп кеттим.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, оюңузду так жеткирип жатасыз. Канча убакытта үйрөнө алдыңыз?

Ар бир тилдин өзүнүн касиети болот. Тилди жергиликтүү эл менен сүйлөшүүдө үйрөнүп баштайсың. Тил үйрөнүүдө баарлашуу жакшы натыйжа берет. Мектепте окуп жүргөндө чет өлкөгө чыгып билим алып жүрдүм. Тилди кандай оңой үйрөнүү керектигин жакшы билем. Орто класстарда үч жыл катары менен орус тилин окудук. Кирилица менен тааныш элем. Жазууну өздөштүрүү деле кыйын болгон жок.

Кыргыз адабиятынан кайсы чыгарманы сүйүп окудуңуз?2015-10-31-13-26-27

Туура, даярдоо курсунда төрт-беш чыгарманы окудук. Аларды биринчи

окууда автордун бере турган идеясын сезе албайсың. Бара-бара маанисин түшүнө баштайсың. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестин окуганда жакшы таасир калтырды. Чыгарманын кооздугу, түпкү мааниси жакты. Айтматовду тааныганда анын башка да чыгармаларын окугуң келет. Ал эми кыргыздын макал-лакаптарынан мага «жакшы адамдын аты өлбөйт, кагазга жазган кат өчпөйт» деген макалы абдан жакты.

Жалпы канча тил үйрөнө алдыңыз?

Фарси, англис, араб, өзбек, түрк жана кыргыз тилдерин билем. Буга чейин Араб Эмираттарында, Өзбекстанда, Казакстанда болдум.

Бишкектен сыркары чыгууга мүмкүнчүлүк болдубу? milad

Ысык-Көлгө барып келдим. Суу жаратылыштын өзгөчө байлыгы эмеспи. Сууга түшөөрдө өзгөчө толкунданам. Суу жаман ойлордон арылтып тазалайт, эс алдырат. Менин мекенимди аралап өткөн Амударья суусу бар. Көлгө түшкөндө ал эсиме түштү.

Кыргызстан эмнеси менен жакты?

Кыргызстандыктар кудайга ыраазы болушу керек. Бул жакта университеттер аябай көп. Билим алуу бизге салыштырмалуу арзан. Афганистанда мындай мүмкүнчүлүктөр жок. Чет тил үйрөнүүгө бардык шарттар бар. Ар түрдүү улуттар жашайт. Француздар, моңголдор, кытайлар, тижиктер. Түркиянын Стамбул шаарын алсак, ал жакта табигый жашоо жокко эсе. Төрт тарабың бетон имараттар менен курчалган. Кыргызстан жаратылышы менен абдан жагат. Бул жакта тоосу да, бак-дарагы да, суусу да бар. Абасы өзгөчө таза. Ошондой эле Кыргызстан менен Афганистан мөмө-жемиштерге бай экенин байкадым. Бул жакта да мөмө-жемиш жеп жыргадым.

Билим алууңуз кандай болууда?  

Сырт жакка чыгып келгенден кийин айрым нерселердин баркына жетесиң. Алардын бири убакыт. Күнүмдүк окуу программасынан тышкары адам өз талантын издеш керек. Антпесе күн сайын сабак менен эле чектелсе, жүрөгү кысылышы мүмкүн. Кызыктуу болгон иш менен алектениши пайдалуу болот. Активдүү болсо, университеттин иш-чараларына катышып, башкалардан тажрыйба ала алат.

Учурда иштеп да жатыптырсыз. Ал тууралуу да кеп кылсаңыз.

Бош убакытты туура пайдалануу үчүн эл аралык AISEC уюмуна кошулдум. Ага сынак аркылуу тандалып алындым. Үч ай аралыгында долбоорлор менен иштөөнү, жаштардын өнүгүүсүндө жана чет өлкөдө практика өтүүгө жардам берүү үстүндө иштейм. Байланышуу англис тилинде жүрөт. Дүйнөнүн 140тан ашуун мамлекетинде иш алып барат.

Кыргыз ашканасын кандай кабыл алдыңыз?

Афганистандыктар кыргыздардай эле оор тамактанышат. Өзгөчө этти көп жешет. Тамак маселесинде кыйналган жокмун. Мага боорсок, бешбармак жана плов абдан жакты. Чет өлкөлөр тез-татым тамактарына бай келсе, бул жакта тамактар пайдалуу жана даамдуу.

2015-10-31-13-29-23Кыргызстанды тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү? 

Адамдар Нью-Йоркту эңсейт, мен Кыргызстанды тандадым. Мен үчүн эң биринчи орунда өз дүйнөмө, маданиятыма жакын өлкөдө жашоо мааниге ээ. Биздин улуттар бири-бирине жакын келет.

Үй-бүлөңүз кайсы жакта турушат?

Атам Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы консулу болгондуктан үй-бүлөбүз менен бул жакта жашап атабыз. Апам кесиби боюнча фармацевт. Учурда иштебейт, үй кожойкеси. Алты бир тууганбыз. Алардын үчөө Казакстандын ЖОЖдорунун биринде билим алышат. Калганыбыз Кыргызстанда окуп жатабыз.

Афганистанга барып турасыңарбы?

Өзүбүз Кабул шаарында турабыз. 1-2 жылда бир барып турабыз.

Кабул шаары кандай жер?

Бишкектен чоң. Калктын саны 7 миллионго жетет. Тоолор арасында жайгашкан. Райондун саны 18ге жетет. Климаты Бишкектикине окшош. Жылдын төрт мезгили бар. Билим алуу кымбат. Элдер көбүнчө айыл чарба менен алек болушат. Айрымдар фабрикаларда, фирмаларда, банктарда, билим берүү мекемелеринде, кызмат көрсөтүү жайларында иштешет. Үч адамдын экөө сабаттуу. Бирөө үй-бүлөгө жардам берүү максатында билим алуудан баш тартып, тиричилик менен алек болот.

Афганистан ислам республикасы экенин билебиз. Ал жакта мыйзамдардын баары эле шарияттын негизинде иштейби?

Ал коюлган маселеге жараша болот. Эгерде диний темада болсо, атайын диний сабаттуулугу бар молдолор чечишет. Укук жагынан болсо, мыйзам чегинде чечим чыгарылат.

Окууну бүткөндөн кийинки иш-аракетиңиз кандай болмокчу?

Менин кыялым — мамлекетимдин өнүгүп-өсүүсүнө күбө болуу. Афганистандын экономикасын, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу менен адамдарды туура жолго багыттоо. Афганистанга сөзсүз кайтам. Эгерде мен барбасам, ким барат? Менин элимдин алдында милдеттерим бар. Билим алып, өлкөмө кызмат кылышым керек.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: