Menu

Аскаровдун сотун видеого тартууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Азимжан Аскаровдун сотун видеого тартууга тыюу салынды. Бүгүнкү жараян башталарда отурумду тасмага алууну токтотууну прокурор өтүндү. Буга өткөндөгү сот отурумунун жүрүшүн айрым агенттиктер түз алып көрсөткөндүгү, териштирүү жараянын мындай чагылдыруу туура эместиги негиз кылып көрсөтүлдү. Сот тараптардын пикирин угуп, сунушту колдоду жана операторлор залдан чыгарылды.

Аскаровдун иши боюнча сот жараянында бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр жана айыпталуучу көрсөтмө берип, андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча сот бир апта мурун Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде башталган. Ал 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин камалган.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун белгилеп, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: