Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу мыйзамсыз курал сатып жүргөнү боюнча ишти Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Айдоочу өткөн жумада уюшма кылмыштуу топ өкүлдөрүнө үч даана АКС-74 Калашников автоматын сатып жаткан учурда кармалганы маалымдалган. Ал куралдарды аскер бөлүктүн кампасынан алып чыгып сатып жатканы, үйүн тинтүү учурунда да мыйзамсыз курал-жарактар чыкканы кабарланган. Кылмышка шектелип кармалган айдоочунун прапорщик аскердик чини бар. Айдоочусу эле минтип шылуундук кылып жатса, “шефи” Кенжесариев “май кармаган бармагын жалайт” болуп жатабы ким билет? Айдоочусунун өзү билип курал сатканга кудурети жетпейт эле, демек бул жерде үлкөндөрдүн аралашканынан шек санабай койсо деле жарашат. Эми тиешелүү органдар айран ичкендерди кутултуп, аяк жалагандарды камап жибербей, көшөгө артындагы көзүрлөрүн кармап жоопко тартуу жагын факты менен ашкерелөөгө тийиш. Айдоочусу жагымсыз ишке кириптер болуп жаткандан кийин, Кенжесариевдин кызматтык ишмердүүлүгү күмөн жаратат. Демек кызматтан кетүүгө тийиш.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ