Menu

Макеевдин “макасы” гүлдөп туру

Бөлүшүү:

Билесиңер, эсил кайран СССР кезинде кыргыздарга «депутат» деген сооротмо атты малчылар менен пахтачыларга берип, алар түшүнүп-түшүнбөй эле ураалап кол көтөрүп келишпеди беле. Эми эгемендик болгону бизди жалаң ууру анан соодагер депутаттар бийлеп атат. Ишенбесеңер карагыла, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын курамы дээрлик бизнесмендерден турат. 120 депутаттын 10-15и эле карпайым адам болбосо, калганы акчасына ээ боло албай калгандар. Алардын бири – Нурлан Макеев. Учурунда бизнес менен шугулданып, анан капчыгы калыңдаганда акчанын күчү менен салык тармагына, финансы полициясына кызматка кирип, ал жактын канын сүлүк курттай соруп байлык топтогон Нукен бүгүн бакандай депутат. Бирок депутаттык кызматтан биринчи бизнесине көбүрөөк көңүл бурган Макеев Жогорку Кеңеште эмес, алма-жүзүм айдаган айдоосуна байма-бай каттап бизнесин гүлдөтүү менен алек. Эсиңиздерде болсо, Нарын, Ысык-Көл областтарына бара жаткандагы Боом капчыгайына жакындаган жердеги биртоп километр узактыктагы контейнер менен тосулган жерди көрсөңөр керек. Так ошол жер Нурлан Кадыкеевичтики. Акчасын эмне кылып коротоорун билбеген көпөс алма-жүзүм айдаган жерин контейнер менен тоскон. Бүгүн бир контейнердин баасы 700-800 доллар экендигин жакшы билесиздер. Азыр алжерде болжолдуу эсептегенде 400-450 контейнер турат. Эми эсептеп көргүлө!Макеев эки кундун биринде ошол жерде жүрөт. Анан ушулар кантип өлкө тагдырын ойлосун. Ага караганда жерин кантип семиртип, кантип байыштын амалын издегени жакшы эмеспи…

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: