Menu

“Дарысыз жашоо! Чуркоону же дарыкананы танда!”

Бөлүшүү:

Бишкекте 9-октябрь күнү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын демилгеси менен сергек жашоого үндөгөн “Дарысыз жашоо! Чуркоону же дарыкананы танда!” деген ураан алдында 5 километрге чуркоо акциясы өттү. Акцияны Жеңил атлетика федерациясы, демилгелүү жаштар тобу колдоого алышып, спортко өзгөчө көңүл буруп, улут саламаттыгына камкордук көргөн Бакыт Төрөбаев башында турган “Өнүгүү-Прогресс” партиясына терең ыраазычылык билдиришти.
Уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча Кыргызстанда спорт менен машыккандардын саны өтө аз. Бул жагдай улут саламаттыгына коркунуч жарата турган көрүнүш. Андыктан өткөрүлүп жаткан акциянын бирден-бир максаты – элибизди спорт менен машыгып, ден соолугуна кам көрүүгө үндөө. Акыркы жылдары өлкөдө дары-дармекти колдонгондордун саны кыйла өскөн. Бул деген элибиздин дары-дармекке көз каранды болуп жашап калганын далилдейт.

Бул туурасында 5 километрлик чуркоого баштан-аяк катышып, жарандарды спорт менен машыгууга үндөгөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө кенен токтолду:

– Мен сөзүмдүн башында айтып кетейин, бул иш-чарадан эч кандай саясат издөөнүн зарылдыгы жок. Биздин максат – элибизге дени сак жашоону жайылтуу. Дени сак улут – келечектүү Кыргызстан! Мына менде статистика бар. Ага ылайык, 2010-жылы Кыргызстанга 5 миллиард сомго дары-дармектер киргизилген болсо, 2015-жылы 13 миллиардга чейин өстү. Бул эмнени билдирет? Биздин жарандар спорт менен машыкпастан, дары ичип жашап калганын туюнтат. Жылына ар кандай оорулардан 38 миң Кыргызстандык каза табат. Алардын ичинен 18 миңи жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча элдин жалпы санынын 15 пайызынан ашыгы спорт менен машыкса, ошол улуттун дени сак болуп, каза болгондордун саны аз болот. Бизде болсо спорт менен алектенгендердин саны элибиздин жалпы санынын 7 пайызына да жетпейт экен. Бул жагдай улутубуздун саламаттыгы коркунучта экенин айгинелейт. Ошондуктан биз улуттун келечегине камкордук көрүүгө үндөп, дарысыз жашоого умтулалы деп коңгуроо кагып жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин партия “Бишкек шаарында ден соолуктун жолу”, “Беш мүнөт спорт аянтчасына чейин” деген аталышта ден соолукка кам көрүүгө багытталган, спортко үндөгөн программа иштеп чыгып, улутубузду сактоо, дени сак жашоону жайылтуу максатында бүгүнкүдөй спорттук чуркоо мелдешин өткөрүүдөбүз. Мына 13 миллиард сомго дары-дармек алып келип жатышкан аптекалар бүгүнкү күндө биз өткөрүп жаткандай ден соолукту чыңдоого багытталган бир жолу акция өткөрүштүбү? Албетте, жок. Ошондуктан аптекага барбай спорт менен машыккыла деп үндөйт элем. Отуз мүнөт жөө бассаңыз 1 мүнөт өмүрүңүз узарат. Отуз мүнөт чуркасаңыз, 90 жашта небереңиздин тоюнда отурасыз. Бул акция биринчиси, анан акыркысы эмес. Буюрса мындай акция Кыргызстан боюнча өтөт.

Мындай жакшы саамалык, жөрөлгөгө катышкандардын саны 3 миңден ашты. Жаштар, улгайгандар, профессионал спортчулар жана башка топтор өз-өзүнчө күч сынашып, катышуучуларга жалпысынан сегиз категорияда сыйлык, байгелер тапшырылып, 50гө жакын адам өздөрүнүн жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай байгеге ээ болушту. Байге фонду 500 миң сомду түзүп, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы демөөрчүлүк кылды. Эми бул акция Нарын шаарында уланмай болду. Эстафетаны Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Алтынбек Жунус уулуна тапшырды.

Даярдаган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу
Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: