Өткөндө Өзбекстандын бийлиги Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарынын жетекчилери баш болгон 150дөй кыргыз делегациясын Анжиянга чакырып, бир күн сый-урмат көрсөткөндүгү ашыналар менен акыркы он жылдын аралыгында тоңуп калган достук мамилебизди ээриткендей болгон. Көрсө, касташуу, душмандашуу эки тарапка да керек эмес тура. Чек ара маселелери да чечилүү алдында турат. Минтип кошуналардын өздөрү колун сунуп жатышы жаңы бийликтин, айрыкча президенттин милдетин аткаруучу Ш.Мирзиёевдин кыргыз элине көңүлү түз экендигинин белгиси. “Бирөөнүн тоогун жесең каз байла”,- деген макалды жакшы билген кыргыздар 29-октябрда Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Наманган облусттарынын хокимдери баш болгон ошончо эле сандагы конокторду чакырып, каттуу даярдык көрүп жатыры. Бул аралыкта карым-катнаш чындап эле жанданып, биздин дыйкандар саталбай жаткан картошка, эт, төөбуурчак сыяктуу айыл чарба азыктары Өзбекстанга экспорттолуп жаткандыгын тиешелүү министрликтен айтышты. Буюрса, кылымдар бою базары менен мазары бир болуп келген эки элдин достугу менен соода-сатыгы мурдагы калыбына келип, жашоо-турмушубуз оңолоруна көз жетип турат.
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ