Menu

Шааркан Иманалиева, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, Жогорку даражадагы мугалим, “Балажан” эстетикалык борборундагы “Сахнада сүйлөө” студиясынын жетекчиси: “Атактуу, таланттуу актриса болуу кыялымда бар эле”

Бөлүшүү:

— Шааркан Токтогуловна, сөздү өзүңүздөн баштасак. Жогорку билимди кайдан алгансыз, балдар борборуна кандайча келип калдыңыз?

– 1974-жылы Талас областынын азыркы Бакай-Ата районунда мектепти бүткөндөн кийин эле Искусство институна тапшырдым. Ошол жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театрга окууга өтүш үчүн бир орунга 60 бала ат салышып жатканбыз. Биринчи, экинчи турдан ийгиликтүү болуп, Щепкин атындагы жогорку окуу жайга өттүм. Ата-энем муну укканда каршы болуп “Эмнеге артисттин окуусуна окуйсуң, бул эмне деген окуу?”-деп чалкасынан кетип таптакыр көнбөй коюшту. Ошондо мектебимдин директору Клипнштейн классташтарымдан ата-энемдин жибербей жатканын угуп үйгө келиптир. Азыр мен окуган мектеп Дүйшөн Акчалов атындагы мектеп. Ал киши ошол убакта бизге экономикадан сабак берчү, ал киши да үйгө келди. Мугалимдерим, байкелерим үйгө келип талаш-тартыш менен алардын аракети менен атамдарды макул кылып, Москвага окууга кеткеним эсимде. Ал жерде 5 жыл окудум.

— Бул жактан өзүңөрчө бир топ болуп бардыңыздарбы?

— Ооба, биз труппа болуп барганбыз. Азыркы Каракол театрында иштеп жаткан Гүлмира, Давлет Нургазиевдер, Орункул Жумалиевалар, Ошто болсо Токтош Абдиев, Бишкекте болсо Жоробек Аралбаев, Асан Аманов, Шабдан Ырыскулов деген курсташтарым менен 5 жыл чогуу окудум. Бешинчи курста окуп жатканда турмушка чыктым. Жолдошум биздин чөйрөдөгү адам болбой калды. КГБнын окуусунда окуган жигит менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыгып, Москвада калып калдым. Ошол жакта мага Соломин, Весник сыяктуу кичи театрда иштеген аттуу-баштуу артисттер сабак беришчү. Ошолордун көрсөтмөсү менен Луначарский атындагы театралдык-кинематографиялык институтта мугалим ассистентурага калып калдым. Ошол маал 1980-жылдар болчу. Ал жакта дагы кыргыз труппасын алышкан, ал труппага мен сахнада кандай сүйлөө техникасы боюнча сабак берип калдым.

— Кыргыз труппасында кимдерди окуттуңуз?

— Темирлан Сманбеков, Кыргызбай Осмонов, Ороз Айдаров, Алтынай Алтымышбаева, Гүлмира Көчөрбаева сыяктуу артисттерге сүйлөө боюнча сабак берип жүрдүм. Ошол жакта иштеп жүрүп балалуу болуп Кыргызстанга кайтып келдик. Кичине балам чоңоюп калгандан кийин жолдошумду Таласка жумушка жиберишти. Ал убакта Таласта элдик театр бар болчу. 1982–1983-жылдары ал театрда Жумагүл Сейдалиева, Анара Мадиева, Намазбек Шеркуловго окшогон абдан таланттуу балдардан турган труппа бар эле. Ошолор менен иштеп жүрдүм. Партияга өтүүгө талапкер болуп калдым. Жумушум жакшы болуп, концерт, спектаклдер коюла баштады. Айыл аймактарын баарын кыдырып чыга баштадык. Ал жактан экинчи балалуу болдук. Турмуш шартка байланыштуу кайра Фрунзе шаарына келгенден кийин дагы балалуу болуп, маданият чөйрөсүнөн бир аз алыстай түштүм. “Кой, балдарды чоңойтоюн”- деп үч уулга тарбия берип, студент кылып окутуп, балдар менен аракет болуп жүрдүм. 2000-жылдан бери Москвадан алган билимимди, таалимимди колдонуп ушул “Балажан” эстетикалык борборунда иштеп келе жатам. Азыр мектеп жашындагы окуучуларга сүйлөө техникасын так, даана, туура сүйлөгөнгө үйрөтүп, орус жана кыргыз тилинде иш алып барам.

— Москвага кетип баратканда кыргыз искусствосундагы атактуу актриса болсом деген кыялдар болсо керек. Ошонун баары турмуштун агымы менен ишке ашпай калганда ичиңизде өкүнүч болдубу?

— Албетте, атактуу, таланттуу актриса болуу кыялымда бар эле. Ошол эле учурда турмушка чыккандан кийин жолдошума болгон мамиле экөө бирдей болду. Мени аялдык милдетим жеңип кетти. Бала-бакыралуу болгондон кийин балдарга таптакыр эле байланып калдым. Кээде театрга барып спектаклдерди көргөндөн кийин бир жумадан бир айга чейин жаман болуп жүрдүм. Ал оору бүгүнкү күнгө чейин бар. Искусство деген сулуулуктун, жаштыктын кесиби. Азыр 60 жашка чыккандан кийин баарына макул болдук. Элге жеткире албай калган ички кыялымды, жетпей калган максатымды балдар аркылуу чыгарып жатам. Анын баарына биздин калемгерлер мага жардамга келишет. Мисалы Райкан Шүкүрбековдун, Турар Кожомбердиевдин, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын абдан жактырам. Орус, кыргыз тилинде тең мектеп жашындагы балдарга мунун баарын окутуп жатабыз.

— Ийгиликтериңиз барбы?

— Ооба, ийгиликтер абдан жакшы. Балдардын жан дүйнөсү сонун, таза келет эмеспи. Бүгүнкү күндө чоңдорубуз гана эмес, балдарыбыз орусча сүйлөп калбадыбы. Бул жерге келгенден кийин “кыргыз тилин билбегениңер болбойт”- десем кадимкидей үйрөнүп, абдан кызыга башташты. Таптакыр кыргызча түшүнбөгөн балдар кыргызча сүйлөп, таптакыр орусча жакшы билбеген балдар орусча сүйлөп башташты. Калеми курч калемгерлердин чыгармаларын эки тилде окутуп жатабыз, жаман эмес.

— Балдар менен иштөө оор эмеспи?

— Балдар менен иштеген мага жагат. Балдардын ишеничине кириш керек. Алардын ишенимин ойготуу кыйын. Балдардын ички дүйнөсүнө кирүү үчүн чыгармалар мага жардамчы болот. Мисалы, уялчаак, билип туруп өз оюн айта албаган балдар келет дагы, бул жерден укмуштай көркөм окуп, тамсилдерди айтып чыгышат. Райкан Шүкүрбековдун “Тоок” деген сатирасы бар. Анын тарбиялык мааниси абдан күчтүү.

“Үйгө кирип

Тыпырап жүрөт,

Үстү башы көө,

Бир көргөн күлөт,

Өзүбүз бүттүк жүдөп”- дейт. Райкан Шүкүрбеков тамсили аркылуу адамдарды сындап, тарбиялаган. Бүгүн калемпирдей курч чыгармалар абдан керек. Ушул тамсилдер менен тарбияланып жаткан балдардын аң сезими такыр башкача. Чоң кишилердей сүйлөшүшөт.

— Баланын талантын баалап окутуп жаткан адам катары билесиздер да. Келечекте үмүт кылган, же азыр иштеп калган окуучулар барбы?

— Менден тарбия алган таланттуу окуучулар абдан көп чыгышты. Алар азыр журналистика тармагында иштеп жүрүшөт. Бул тармакта иштегениме он жыл болду. Туура сүйлөө техникасын үйрөнгөн балдар өздөрүнүн мектептеринде, институттарда алып баруучу болуп жүрүшөт.

— Мисалы кимдер?

— Мисалы, быйыл 14 жашка чыгып калды. Макамбай уулу Байтик деген бар. Мага 4 жыл катары менен келип жүрдү. Биринчи келгенде “л” тамгасын айта алчу эмес. Мен жакшы баламын дегенди “мен жакшы бабамын”- дечү. Азыр тилинен чаң чыгат. КВНге катышат, теледеги анча-мынча мультфильмдерди, теле берүүлөрдүн үнүн коштоп жүрөт. Мына азыр ошол балдарды алып Алма-Атага жөнөп жатабыз.

— Алма-Атада эмне иш-чара болот?

— Эл аралык атайын конкурс болуп жатат. Ал конкурстун бир пунктунда көркөм окуу мастерствосу боюнча өтөт экен. Негизинен орус тилинде көркөм окушат, кыргыз тилинде да даярдандык, казактар түшүнөт да. Жоомарт, Салия деген балдар 9 жашта. Алар Чыңгыз Айтматовдун алгачкы балдарга арнап жазган “Легенды Чингиза Айтматова”- деген китепчеси бар. Ошол жерде Карагул жөнүндө жазыптыр. Биринчи вариантындагы элдик жомокто Карагулду 6 жашында эле атасы капыстан атып өлтүрүп алат эмеспи. Чыңгыз Айтматовдун вариантында Карагул 14 жашка чыгып калат. Чыгарманын негизги максаты алсыздарга жардам берип, жаратылышка зыян келтирбеш керек экенин билбей калдык дегенди билдирет. Атасы мергенчиликти баласына үйрөтөт бирок “жөнү жок эле ата бербегин. Ооруп жаткан же буту сынып жаткан жаныбарды атып келбегин, так секирип жүргөн текелерди атпагын”- деп айтпаптыр. Баласына тоо теке аткан жагып калып, тоо текени кубалап аскага чыгып кетип, түшө албай атасына “мени атып алчы”- деп жалдырайт. Мына ушуну алып барып жатабыз. Райкан Шүкүрбековдун “Чапан менен өтүк”- деген тамсилин айтышат. Ар ким өз ордун билген кесибин алып баратабыз. Мындан сырткары Жоомарт Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек” деген согушка арналган чыгармасын үч балам айтып барганы жатат. Конкурска барганда утулуп калганды, уткандын баарын азыртадан сезиш керек деп ойлонуп жатабыз.

— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барат экенсиз, көп түйшүк жаратса керек?

— Бул жерде майып балдардын бекер окуй турган бөлүмү бар эле. Мен ошол мектептин жетекчиси болом. Бул жерге азыр кыргыз элине таанымал сүрөтчү Динара Чоочунбаева алып келген. Динара Чоочунбаева ушул жердин биринчи директору. Динара мага “мен өзүмдүн ишим менен иштейин, сен бул жерди колго албайсыңбы?”- дегенинен “менин балам кичинекей, ошондуктан эң оор кайсы бөлүм болсо мага бер. Директор боло албайм”- десем “анда менде майып балдардын мектеби бар, абдан аксап турат, эч ким иштете албай жатат”- деди. Мейли, ошону алайын десем тааныштырды. Балдар чогулуп ата-энелери менен келгенде арабада олтургандарын көрүп, үйгө ыйлаган бойдон кеттим. Динара мага “айтпадым беле, иштей албайм десең азыр айт”- деди. Жок, иштейм деп көгөрүп иштеп баштадым. Өтө коркунучтуу аныктама менен келген балдар төрөлгөндө аталары таштайт, керек болсо энелери да таштап кетишет. Байкуш кемпир чалдардын колунда калышат. Алардын баарын көргөндө зээниң кейип ыйлайсың. Дары-дармектер канча турат, аларды багуу канчалык оор. 2001-жылдан 2005-жылга чейин ыйлап-сыктап жашадык. Кат аркылуу ар кимге кайрылып, жардам сурап жаттык. Акча бөлгөнү акча бөлдү, дары-дармектерди берип жатышты. 5 жыл эптеп чыдадым дагы баарын электен өткөрдүм. Бул жердин уставын жаздым дагы юрист менен кеңешип баарын тактадым. 5 жаштан 18 жашка чейинки акыл-эси ордундагы майып балдарды алабыз дедим. Акыл-эси ордунда эмес балдарды реабилитациялык жайлардын директору менен сүйлөшүп, таанышып тараттым. Ушул жерде анан кызыл кыргын башталды. Кеткиси келишпейт байкуштар. Мен аларга “бул жер медициналык жардам көрсөтө албайт, бул жер окуй турган жай. Биз мугалимдербиз. Бизде психолог менен мугалимдер бар”- деп жатып 75 баланын ордуна 15 баланы калтырдым. Айыкпас тубаса ооруну кантип айыктырабыз. Бул борборго таланттуу балдар келип кошумча сабак алып жүрүшөт. 2006-жылдан баштап иргелген, акыл эси ордунда, бирок майып балдар келишет. Эки бөйрөгү жакшы иштебеген бала келет. ДЦП оору менен ооругандар бар. Төрөлгөндөн кийин биздин доктурлардын шалаакылыгынын айынан майып болуп калган, коляскада олтургандар дагы жок эмес. Ошолордун баары келишет, окуп үйрөнүп, кетишет.

— Кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?

–1995–1996-жылдары болчу. Жаңы жылда балаты майрамын өткөрүп жатканбыз. Ал күнү аяз ата, аяз кыз бол деп чакырсак эч ким келбейт. 60 бала менен эмне кылаарымды билбей калдым. Театралдык окуу жайда окуп ушуну өткөрө албай калдымбы дедим да сценарийди өзүм жаздым да коляскада олтурган Ниязалиева Айдана деген кызга жаттатып, апасын сүйрөтүп койдум. Өзүм болсо аяз атанын кийимин кийип, жаңы жылдык кечени өткөрүп жатабыз. Ага чейин балдардын жаңы жылына карата ар кайсыл мекемелерге жардам сурап кат жөнөткөм. Бир маалда эшик такылдап калды, бажы тармагында иштеген Адамкалый деген байке кирип келсе болобу. Анткени ага да кат жазганмын, бирок келет деп күткөн эмесмин. Эшикти ачып Адамкалый байке кирип келди да “кечирип койгула, кечирип койгула. Шааркан Токтогуловнаны тапсам болот эле”- дегенинен эптеп алаксытып бери алып чыгып, бетимдеги сакалды алып байке, бул менмин десем “кантет, сенсиңби?”- деп чоочуп, “кой, анда сен билгизбе”- деп кайра чуркап барып музыкалык борборду алып келип балатынын жанына койду. Баардыгы майып балдар эле. 60 баланын баарына окшош сонун момпосуй, мандарин, печеньелерди алып келип берди. Балдар белектерге алаксып калганда артынан чыгып “рахмат байке” — десем, байке шолоктоп ыйлап алыптыр. “Ушундай да балдар барбы? Көргөн эмесмин”-деп кетти. Ушул окуя абдан эсимде калыптыр. Өзүмдүн балдарым дагы кээде эч кимге айтпаңыз деп жардам берип турушат. Орунтаев Аман деген баланын акылдуулугу менен талантын айта көрбөгүлө. Пианинодо сонун ойнойт, сүрөттү укмуш тартат. Ушул күнгө чейин келиним менен уулум неберемдин жашынакай оюнчуктарын жетим балдар үйүнө жеткирип беришти. Экинчи уулум да ошентип иш кылышат. Баарына жардам берип турбасак оор заманда болмок беле. Адамдыгыбыз кайсыл анда?

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: