Menu

Атамбаев менен Мирзиёев алаканын жакшырышын кубатташат

Бөлүшүү:

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын бекемдөө жаатында өзбек бийлигинин кызыкдарлыгын баалап, ыраазычылык билдирди.

Бүгүн Өзбекстандын 140 кишиден турган өкмөттүк делегациясы Ош шаарында конок болуп жатышат. Октябрдын башында кыргыз делегациясы Анжиянга барышкан.

Акыркы он жылга жакын убакыттан бери эки өлкөнүн карым-катышы сууп, чек ара аймактарда чыңалган абал жаралган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: