Menu

Эртең “Климаттык өзгөрүүлөр, абанын булганышы жана анын Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугуна таасири”деген темада эл аралык Форум өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Алыкул  Осмонов атындагы Улуттук китепканасында “Климаттык өзгөрүүлөр, абанын булганышы жана анын Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугуна таасири”деген темада эл аралык Форум болот, бул Форум глобалдык 24 сааттык Climathon иш-чарасынын алкагында бүткүл дүйнө боюнча 120 чоң шаарда бир убакытта өткөрүлөт.

Бул иш-чараны Европа Союзунун климаттын өзгөрүүсү жагында иштеген Климат-KIC мамлекеттик-жеке инновациялык өнөктүгү, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын Улуттук китепканасы, Евразия эл аралык институту уюштурган.

Бул иш-чаранын максаты – климаттын жана экологиянын өзгөрүп жаткан абалындагы глобалдык проблеманы чечүү үчүн адамдардын жана уюмдардын күч-аракетин бириктирүүнү көздөйт.  Climathon көп өлкөлөрдүн жарандарына өз шаарларынын жашоо-турмушуна катышып, климаттын өзгөрүшүндөгү жергиликтүү проблемаларды чечүүнүн инновациялык жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Бишкек Кыргызстандын негизги шаарларынын бири катары бул олуттуу жана маанилүү Climathon иш-чарасына кошулду. Форумда Бишкектеги абанын бузулуусундагы улам көбөйүп жаткан проблемалар жана аны чечүүнүн мүмкүн болгон инновациялык жолдору талкууланат.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, министрлик менен ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, окумуштуулар, бизнес жамааттын өкүлдөрү, климаттын өзгөрүүсү жана саламаттык сактоо тармактарындагы изилдөөчүлөр жана Бишкек шаарынын тургундары, окуу жайларынын студенттери катышышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: