Кайсыл заман, кимдин бийлиги келбесин эч качан өзгөрбөгөн, жалаң чыгармачылыгы менен алпурушкан белгилүү журналист, драматург С.Раев “Антистандарт” деген ыр жыйнагын чыгарып, поэзия дүйнөсүндө “революция” жасаган болчу.
Ал эми Сукебиздин “Суфлер” деген спектакли өткөн жумада Лондондун белгилүү театрларынын бириндеги эл аралык конкурска катышып, байгелүү орунду ээледи. Башкы ролду аткарган Н.Мамбетовага “Аялдардын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” башкы сыйлыкты Британ парламентинин депутаты Merlin айым тапшырды. Көрсө, биз бекер да барып койбогон С.Раевдин спектаклдери Шекспирдин мекенинде өтө жогору бааланып, театрлар талашып коюп жатышыптыр. Анткени быйыл эле жазда “Ханышанын көз жашы” спектакли да Лондондо коюлуп, элдин көптүгүнөн автордун өзүнө да орун жетпей калыптыр. Ал эми бул спектаклдеги, өзгөчө Курманжан датканын уулун өлүмдөн арачалай албай калган эпизоддорун көргөн лорддор кадимкидей көзүнө жаш алгандыгын ал жактан келгендер айтышууда. Бирок биз, чиновниктерибиз менен депутаттарыбыз “Суфлерго” качан барабыз? Аттиң, адам баласынын жан дүйнөсү менен сүйүүсүн аңтар-теңтер кылган спектаклди көрүп, дилибизди тазартсак, талантты бааласак болот эле…
Булак: “Майдан. Kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ