Menu

Швеция бийлиги Рауль Валленбергдин өлгөнүн тастыктады

Бөлүшүү:

Швед бийлиги миңдеген еврейлерди нацисттерден сактап калган Экинчи дүйнөлүк согуштун баатыры Рауль Валленбергдин өлгөнүн, дипломат дайынсыз жоголгондон бери 70 жыл өткөндөн кийин расмий түрдө жарыялады.

Валленберг Швециянын Будапештеги өкүлчүлүгүндө дипломатиялык постто иштеген. Ал 1944-жылы июлда 20 миң венгер еврейге атайын “сактоочу паспорт” жазып берип, Холокосттун акыркы айларында алардын өмүрүн сактап калган.

1945-жылдын башында, советтик армия Будапештке кирип келгенде Рауль Валленберг кармалып, Москвага жөнөтүлгөн жана болжолу совет түрмөсүндө көз жумган.

Валленбергдин өлүмүнүн жагдайлары табышмак бойдон калууда. Бул тууралуу 31-октябрда швециялык Expressen гезити жазды. Швеция атуулдарынын туулгандыгын жана өлгөндүгүн каттаган мекеме бул маалыматтарды тастыктады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: