Жалал-Абад шаарында автоунааларда жүз берген өрт кырсыгы былтыркы жылга салыштырмалуу көп катталууда. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 кароолунун башчысы, капитан Совет Маматкулов билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылдын 10 айында Жалал-Абад шаарынын аймагында 6 автоунаада өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 380 миң 426 сомду түзгөн.
-Мисалга айта кетсек, 31-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан автоунааны оңдоочу жайда мамлекеттик номери D1629E “Матиз” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасынын тетиктерин ширетүү учурунда өрт чыгып, өрттөн кесепетинен автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Негизинен өрт кырсыгы автоунаалардын айдоочулары өз автоунаасына, ал эми автоунааны оңдоп-түзөө учурунда автоунааны оңдогон кызматкерлердин кайдыгер мамиле жасагандыгынын натыйжасында жана автоунаадагы электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгууда, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматы автоунааларда катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында автоунаалардын техникалык абалына дайыма көзөмөл жүргүзүү жагын колго алып, бир катар практиалык иш-чараларды жүзөгө ашырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ