Menu

Москва подуимдарын багынткан Аида

Бөлүшүү:

Кыргызстандык Аида Робертова Москва шаарында өткөн «Mercedes-Benz Fashion Week Russia” мода көрсөтмөсүндө өз эмгектерин элге алып чыкты. Мындай кадыр-барктуу иш-чарада өз коллекциясын көрсөтүү  ар бир модельер үчүн чоң сыймык. Мындай даражага биздин  мекендешибиз кантип жетти? Өз оозунан угалы.

Аида, белгилүү орус модельери Вячаслав Зайцевдин “Мода лабораториясына” кантип келип калдыңыз?

Бишкекте окуп жүргөндө Зайцев “Модный приговор” аттуу берүүнү алып барчу. Ошондо чоңойгондо Вячаслав Зайцевден билим алам деп кыялданып койгом. Жаштын тилегин берет экен, Кыргыз-славян колледжин аяктап, Россияга келдим. Бул жактан Зайцевдин “Мода лабораториясына” тапшырдым.

Билим алуу оңойго турбаса керек?

Зайцевден билим алуу менин ата-энемден суранган акыркы кыялым болчу. Эгерде тапшырбай калсам, мени күйөөгө берип коймок. Биринчи жолу өз көзүм менен Вячеслав Зайцевди көргөндө абдан толкундангам. Жасаган жумуштарымдын баарын көрсөтүп, айтып бердим. Аягында “эмне үчүн менде окугуң келет?” деп суроо берди. Мен: “Бул жерде окуу менин ата-энемден суранган акыркы кыялым болчу. Башка жумуш кыла аларыма көзүм жетпейт”,- деп жооп бердим. Ал киши “Сен өттүң!” дегенде жанындагы отурган жардамчылары “бир аз ойлонуп көрбөйлүбү” деп шыбырап жатышты. Бирок ал жерде Зайцев гана баарын чечти.

Сыртта билим алуу капчыгыңызды канчалык жукартты?

Жакшы эле жукартты (күлүп).

Ар бир дизайнер өзгөчө болот эмеспи. Сиздин стилиңиз кандай?

Мен көбүнчө спорт-шик, кежуал, унисекс стилине басым жасайм. Бул стилдер күнүмдүк жашоого абдан ыңгайлуу жана модадан эч качан калбайт.

Кийимдериңизге суроо-талап канчалык?

Азырынча айта албайм. Бирок кымбат эмес, Кыргызстанга ыңгайлуу эле баа деп ойлойм.

1029857504

Кийим-кечектерге моделдерди, макияждын түрүн, аксессуарларды да өзүңүз тандайсызбы?

Ооба, бардыгын өзүм тандайм. Айта кетсем, буга чейин көп курстарда окуганмын. Алтынчы классымда эле бийге, моделдер мектебине барып жүрдүм. Кийин тигүүчү-конструктор, сүрөт тартуу боюнча  Замира Молдошеванын визажист курстарында жана Дилбар Ашимованын мода үйүндө билим алгам.  Ушул кесиптин бардыгын азыр колдонуп жатам. Дизайнер болом деген адамдарга ушул сабактар керек болот.

Чыгармачыл адамдар дайыма изденүүнүн үстүндө болот эмеспи. Жаңы идеялар кандайча жаралат?

Мага жаңы идеялар эс алуу маалында келет.

1029857230

Канча жашыңызда колуңузга кайчы кармадыңыз эле?

Кичине кезимден эле куурчактарга кийим тикчүмүн. Апам тойлорго кездемелерди чогултуп, сандыктын үстүнө жыйып койчу. Жумушка кеткен соң үйдө жалгыз калып күнүгө ошол чүпүрөктөрдүн ортосунан кесип, куурчактарыма түрлүү көйнөктөрдү тикчүмүн. Бир күнү апам тойго барам деп кездемелерин караса, бардыгынын ортолорунан кесилген, ошол күнү катуу тил уккам.

Сиздин кийимдериңизди кайдан сатып алса болот?

Азырынча сатыкка чыгара элекмин. Буга чейин заказ менен тикчүмүн. Азыр аны токтоттум. Анткени эл окшош эле кийимдерди айтышат. Бул мага кызыктуу эмес, тажап кетем.

1477038326

Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы? Алдыдагы максаттарыңыз кандай?

Жакында Кыргызстанга барам, Бишкекте иштесем деп пландап жатам. Бирок Россияны, Казакстанды, андан ары Американы дагы багындыргым келет. Бул үчүн болгон аракетимди жумшайм.

Баса, фамилияңыз абдан оригиналдуу экен. Ошону түшүндүрүп кетпейсизби?

Ушул убакка чейин кайсы адам менен таанышпайын, бардыгы фамилияма кызыгышат. Чоң атам англис, немец, француз тилдеринен сабак берип, чет өлкөлөргө абдан кызыккан адам болгон. Менин атам төрөлгөндө америкалык Роберт деген кыйын футболисттин ысымын бериптир.

Элвира Акимова   

Булак: Де-Факто 

  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: