Menu

Султан Раев, драматург: «Жакшы чыгарма жаратуу оңой эмес»

Бөлүшүү:

Жакында эле кыргыз театры, сахнасы үчүн жагымдуу жаңылык болду. Белгилүү драматург Султан Раевдин чыгармасы Лондондо баш байгени жеңип алды. Чет мамлекеттеги жеңиш жана бүгүнкү күндөгү театр, адабият абалы тууралуу драматург менен ой бөлүштүм.     

– Бүгүнкү күндөгү театрдын көйгөйлүү маселеси эмнеде?

– Бүгүнкү театрдын көйгөйлүү маселеси – заманбап драматургия менен заманбап режиссурада. Азыркы күндө театр искусствосу чоң кризиске такалып жатат деп айрым аналитиктер, эксперттер айтып келет. Театрдын келечегинен үмүт үзүп койгон айрым скептиктер да жок эмес. Бул тек гана айтылган кеп эмес, ал бир бүтүндөй ааламдашуу процессине жуурулушуп келаткан руханий жардылык симптому. Театр жана көрүүчү. Бу эки гана диллема театрдын тагдырын аныктайт. Бизде гана эмес, атактуу  дүйнөлүк театрларда да көрүүчүнүн саны суюлуп баратканы бу кашкайган чындык. Менин оюмча, көрүүчү театрга гана эмес, театр көрүүчүгө бара турган мезгилге келди…

– Сиздер жакында Лондондогу эл аралык театр фестивалына катышып, гран-прини жеңип алдыңыздар, куттуктайбыз! Ушуну менен Лондондо экинчи спектаклиңиз менен чет мамлекетке барып ийгиликтүү кайттыңыздар. Кыргыз сахнасын кабыл алуу кандай болду?

– Үчүнчү… Биринчи спектаклим «Акыркы керээз» – 2007-жылы ВВСде коюлган. Быйыл 21-августта «Ханышанын көз жашы» драмам Лондондун  театрында коюлуп, премьерасы өттү. Ал эми 16-октябрда Лондон эл аралык  театр фестивалында «Суфлер» спектаклибиз менен жеңиш кайттык. «Эң мыкты спектакль», «Эң мыкты аялдын ролу» деген эки жогорку номинацияны жеңип алдык. Бул албетте бир гана биздин жеңиш эмес, жалпы кыргыз улуттук театр өнөрүнүн жеңиши катары баалайбыз. Кыргыз театр тарыхында улуттук  артисттер биринчи жолу Лондон фестивалында зор ийгиликке арзыды. Спектаклдин автору жана режиссеру катары албетте бул биздин эл аралык аренадагы зор жеңишибиз деп билем. Башкы ролду ойногон Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова актердук жогорку чеберчиликти көрсөттү. Спектаклдин финалында англичан көрүүчүлөрү узакка созулган кол чабуулар жана гүлдөр менен 15 минуттай залды овация менен кармап турду. Назира эженин көзүнөн кубанычтын, сыймыктын көз жашын байкадым. Өтө эмоцианалдуу кабыл алуу болду. Биз спектакль тартуулаган театр англичандардын эң байыркы театры мында кезегинде Шекспир өзүнүн «Король Лирин», «Гамлетин» койгон. Бернард Шонун «Пигмалиону», Оскар Уайльддын «Солемеясы» да алгач ушул театрда коюлган. Биз ошол классиктер ойногон сахнанын,  театрдын духун, энергетикасын сезе алдык.

– Азыркы учурда чыныгы адабий тилинде жазган жазуучулар жоктой. Проблема эмнеде?

– Менин оюмча, проблема тилде эмес, ошол жазуучунун өзүндө. Акыркы кезде тилдик микроб өтө жайылып кетти. Кайсы гезитти, ММКны албаңыз ошол оору бар. Тилдин тазалыгы, биринчи кезекте өзүңдүн өнөрүнө болгон тазалыктан, сыйдан, урматтоодон башталат.

– Негизи чет мамлекеттин сахнасына чыгуу үчүн эмне кылуу керек?

– Жакшы чыгарма жаратуу керек. Ал эми жакшы чыгарманы жаратуу оңой эмес.

– Эгемендүүлүктү алганга чейин жана алгандан кийинки маданияттын абалы…

– Маданияттын абалы чыныгы таланттар менен өлчөнөт. Таланттар гана маданияттын абалын аныктайт. Таланттарга мамлекеттик мамиле жасоо – маданиятка мамлекеттик мамиле жасоо. Ансыз кайсы коомдо болбосун маданий өнүгүү болбойт.

– Учурда чыгармачыл жаштар абдан көп. Арты-артынан чыгып жаткан тасмалардын сапатына кандай сын жана кандай мактоо айта аласыз?

– Кыргызстанда жыл сайын 50гө жакын тасма тартылат. Оозго алынганы экөө-үчөө. Сандан сапатка өтүү зарыл, бирок топ үйүрдөн бир гана күлүк чыгат. Ал күлүк бир топ үйүрсүз алдыга чыга албайт. Ошондуктан чыныгы таланттуу чыгармалар гана алдыга суурулуп чыгат.

Назира-Бегим

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: