18-июлда Алматыда полиция жана атайын кызматтын имаратынын алдындагы куралдуу кол салуу учурунда он адамды өлтүргөн Руслан Кулекбаев өлүм жазасына тартылды. Мал-мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.
Өкүм бүгүн Алматыдагы сот жараяны учурунда угузулду. Кулекбаев он адамдын өлүмүнө алып келген террордук акт жасоодо айыптуу деп табылды. Курман болгондордун ичинен сегизи күч түзүм органдарынын кызматкерлери болгон. Тергөөдө белгилүү болгондой, ал кол салууну өзү жалгыз жасаган.
Кулекбаев сотто акыркы сөзүн айтып жатып, күч органдары мурда аны мыйзамсыз түрдө эркинен ажыраткандыгы үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. Ал жасаган иши үчүн өкүнбөй турганын, бирок жабыр тарткандардын кайгысын түшүнөрүн жана кандай болбосун жазасын тартууга даяр экенин айтты.
Казакстанда өтө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы каралган. Бирок өлкөдө 2003-жылдан бери аны жүзөгө ашырууга мораторий киргизилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ