Menu

Бүгүн экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына мурда козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 30-ноябрда Тайырбек Сарпашев саат 17:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген. Мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: