Menu

КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору А. Рустамовго оңтойсуз суроолор?: 6 млн. сомдун канчасы “адам карышкырларга” коройт?

Бөлүшүү:

Урматтуу Абдыкалык мырза!

Кечээ Жогорку Кеңештеги айыл чарба комитетинин жыйынында сиз, өзүңүз жетектеген агенттик аркылуу жыл сайын жарандардын малын жеп зыянга учураткан карышкыр, чөөлөрдү атуу үчүн 6 млн. сом бөлүнүп жатканын айттыңыз. Албетте, бул каражаттын негизинен тоолуу райондорго багытталганын эске алсак, өтө эле чоң сумма. Мисалы, жергиликтүү кеңештердин, өзү өзү башкаруу органдарынын чечими менен ар бир карышкыр аткан мергенчиге 5-10 миң сом өлчөмүндө сыйлык берээрин эске алсак, 6 млн. сом менен бир жылда 600 карышкыр, чөө атууга болот экен. Албетте, андай болсо Кыргызстанда карышкыр, чөө тукум курут болуп, СССРдин учурунда австралиялыктар бизден карышкыр сатып алгандай эле жаратылыштын балансы бузулуп кетмек го?!

Тилекке каршы, ошол жыл сайын бөлүнүп жаткан 6 млн. сомдун кайда, кандай жол менен жумшалганын, ал каражат тиешелүү дарекке жетип же жетпей жатканын агенттик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын мойнуңузга алуу керек го? Анткени ошол акчалардын көбү Алай менен Ат-Башы, Тоң менен Суусамырдагы малын кайтарып, карышкыр аңдыган мергендерге тегиз жетпей, жолдон эле тең жара бөлүнүп желип жатканынан кабарыбыз бар.

Дегеле, жаратылышты коргоо тууралуу сөз козгогондо,  жазында “Фабула” гезити сиздин мурдагы “шефиңиз”  Сабиржан Атаджановдун коррупциялык иш аракеттери тууралуу макала жарыялап, ал боюнча парламентте сөз болгонун, акыры ИИМдин маалымат кызматы кабар таратып, макалада көрсөтүлгөн айрым жагдайлар боюнча кылмыш иши ачылганын эсиңизге салгыбыз келет. Башкы токойчусу, жаратылышты коргоочу катары ошол иштин аягына чыгууга эмнеге бара албай унуткарып бара жатасыз?

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: