Menu

Эмил Эшалиев актанды

Бөлүшүү:

-“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмил Эшалиев 26-октябрь күнү журналисттерди “АКИпресс” маалымат агенттигине чогултуп, “Кыргызтелекомдун” 9 айдан бери аткарган иштери боюнча маалымат берди. Журналисттер Башкармалыктын төрагасына бир катар оңтойсуз суроолорду узатып, жарга такашты. Журналисттердин суроолоруна, өзгөчө акыркы учурда коомчулук тарабынан кеңири кеп болуп жаткан “Кыргызтелекомдогу” коррупциялык иштер боюнча берилген суроолорго так жооп айта албай буйдалды. Эске сала кетсек, аз күн мурун Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков дал ушул  маалымат жыйынын өткөрүп, актанууга аракет жасаган Эмил Эшалиевдин кимдир бирөөлөрдөн 20 миң доллар пара алганын айтып чыккан эле. Бул былык иш боюнча берилген журналисттин суроосуна Эмил Эшалиев Рыскелди Момбековду “Кыргызтелекомдун” ишин иликтеген депутаттык комиссияга  киргизбөө керектигин суранып депутаттарга кайрыла турганын билдирди. Муну уккан Рыскелди Момбеков эми жөн жатпаса керек.  Катылгандын катыгын берген эл өкүлү  Эшалиевдин эле эмес, телекомдогу “тентектердин” далайынын былыгын чукуп, абийирин ачпаса болду.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: