Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Шайлоочулардын тизмесин эмитен эле фалсификациялап башташты, мына N1105 -шайлоо участогунда 1 адам жашаган квартирага 5 адамды каттап коюшкан”

Бөлүшүү:

“Мына шайлоочулардын тизмеси боюнча, Бишкектеги N1105 -шайлоо участогун алып көрөлү, анда катталган Ормонбекова Венера Садырбековна деген жаран менен кокустан учурашып калдым. Байтик баатыр көчөсүндөгү N 6-үйдүн 12-квартирасында жашайт экен. Анан N1105 -шайлоо участогунун тизмесин карасак, ошол эле Байтик баатыр көчөсүдөгү 12-квартирага Сапаралиева Мирзат Сүйүндүковнаны да каттап коюшкан.  Усенова Жамила Усеновна, бул жаранды да ошол эле квартирага “олтургузуп” коюшкан. Кийинкиси Комова Мария Геннадевнаны да ошол эле 12-квартирага жайгаштырып коюшкан. Комова Татьяна Николаевна деген жаранды да ошол эле квартирага каттап коюшкан. Бардыгы болуп 1 квартирага 5 шайлоочу катталган, чындыгында ал квартирада 1 гана шайлоочу, Ормонбекова Венера Садырбековна гана жашайт. Калгандарын ал киши тааныбайт жана жашашпайт”, – деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

“Бул бир эле квартира боюнча биз кокусунан билип калган бир эле факт. Мындай фактылардын канчасы бар бир кудай билет. Биз муну кокусунан гана аныктадык. Мына тизме боюнча фальсификация. Шайлоодогу фальсификациялар эң биринчи мына ушул тизмеден башталат. Мындай фактыларды текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылам”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Жыйында катышып олтурган КР Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев бул фактыны текшерип жооп берүүгө убада кылды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: