Бүгүн, 7-мартта “Республика” саясый партиясы Каракол шаардык кеңешине шайлоо алдында өзүнүн үгүт баннерлерине “Замандаш” саясый партиясынын негиздөөчүсү, ыраматылык Муктар Өмүракуновдун аялы Айжан Акылбекованын сүрөтүн чаптап алгандыгын мойнуна алып, кечирим сурады. Бул тууралу билдирүү “Республика” партиясынын жаштар канатынын Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.
“Бул ишибиздин туура эмес экендигин моюнубузга алабыз. Үгүт баннерлери бүгүн эле алып салынат жана экинчи мындай ишти кайталабайбыз”, – деп билдирген “Республика” партиясынын штабы.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн “Замандаш” партиясынын катчылыгы “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевге доомат кат жазып, аларды “Замандаш” партиясынын белгилүү мүчөсү Айжан Акылбекованын сүрөтүн үгүт баннерлерге чаптоо үчүн сүрөттүн ээсинен уруксат сурабай, уурдап алышкандыгын белгилеп, алып салууну талап кылышкан. Айжан Акылбекова “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү, ыраматылык Муктар Өмүракуновдун аялы болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ