“Айтылбай турган сөз эле, бирок, өз убактысында айтпаса сөз өлөт дегендей айтып калалы, Өмүрбек Чиркешович эки жакты каранып сүйлөсө, биз бир жакты карап эле сүйлөйбүз. Бүгүн Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги – бул азчылык же көпчүлүк дебей ар бир адамдын, өзгөчө депутаттардын ойлорун угушубуз керек”, – деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.
“Бүгүн СДПК туура 38 мандатыңар бар, бирок, эч ким айта албайт эртең силер азчылык болуп каласыңар деп, башкача коалиция түзүлүп калса. Менин башыман өттү, бир жыл мурда, жадагалса 1 комитет берген жоксуңар, ошон үчүн баарыңардан мен муну жакшы сезип турам да. Ким билет, балким биз дагы деле азчылыкта болуп калабыз. Элибиз тилекке каршы ким катуурак кыйкырса ошого ишенип кете берет экен да… Өмүрбек Чиркешович, сиз айтып жатасыз “коалицияга кириш үчүн эле конституцияны өзгөртүүнү колдоп жатасыңар” дедиңиз, андай эмес… Иса Шейшенкулович, мына, коалиция түзүп жатпайсызбы, мына биз кирбейбиз, ачык айтам, каалаганыңыз менен түзүңүз! Бирок, Конституцияны, өзгөрүүнү биз ачык колдоп беребиз!”, – деди Өмүрбек Бабанов.
https://www.youtube.com/watch?v=za-6UMENmtU
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ