Казакстандык актер жана продюсер Тунгышбай Жаманкулов “Феникс” тасмасын тартууга багытталган каражатты уурдоого айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Коррупцияга каршы аракеттенүү бюросуна шилтеме кылуу менен билдиришүүдө.
Тергөөнүн версиясы боюнча шектүү 69 миллион теңгени өзү түзгөн Т.К.Turan Universal Business фирмасы аркылуу кымырып алган.
Тунгышбай Жаманкулов аз мурун Театр ишмерлер биримдигинин төрагасы катары маданият жана спорт министрин сексуалдык асылууга күнөөлөгөн жаш актрисаны колдоп чыккан.
Министр бул билдирүүлөрдү жалган жалаа деп атаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ