Menu

“Саясат.kg” сайтына акыркы айда үчүнчү жолу хакердик чабуул жасалды

Бөлүшүү:

“Саясат.kg” маалымат-аналитикалык порталына (www.sayasat.kg) акыркы айда үчүнчү жолу хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу аталган маалымат агенттигинин баш директору Нургазы Анаркулов билдирди.

“Учурда биздин хостинг-провайдер кечээки хакерлердин чабуулунан кийин сайтты калыбына келтирүү аракетин жасап жатат. Бир эле түндө 20 миңден ашуун жолу сайтты талкалоо аракети катталганын айтышты. Ушуну менен акыркы бир айдын ичинде үчүнчү ирет ушундай чабуулга тушугуп жатабыз”,- деди Н.Анаркулов.

“Биздин портал коомдук-саясий жана маданий турмуш жаңылыктарын үзбөй чагылдырып келе жатат. Өлкөдө орун алган процесстерге карата ар кайсы саясатчылардын, эксперттердин көз караштарын, аналитикалык ой-жүгүртүүлөрдү сунуштап келебиз. Арийне, көбүнесе оппозициялык маанайдагы материалдар чыгып жатат. Бул башынан карманып келаткан принцибибиз, себеби, элге чындыкты жеткизүү башкы милдетибиз. Чабуулдар дал ушул оппозициялык көз караштарга көбүрөөк орун берип жатканыбызга да тийешелүү болсо керек. Бирок муну менен токтоп калбайбыз. Жакынкы күндөрү сайт калыбына келип, иштей баштайт. Неси болсо да, басма сөз жана маалымат күнүнүн алдында жакшы “сюрприз” болду”,- деп белгилейт Нургазы Анаркулов.

Айта кетүүчү нерсе, “Саясат.kg” маалымат-аналитикалык порталы 2011-жылы негизделип, өлкөдөгү коомдук-саясий турмушту кыргыз жана орус тилдеринде чагылдырып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: