Акыркы жума коомдо талаш жараткан пикирлерге толду. Алардын бири өлкө башчысына карата айтылган сын сөздөргө тыюу салынсын деген талапта болду. Бир гана өлкө башчысына эмес дегеле сөз эркиндигине тыюу салуу азыркы коомдо кандай ой-пикир жаратты? Негизи бизден башка мамлекеттердин өлкө башчыларына бизде айтылгандай сындар жокко эсе. Бул жаатта сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
– Президентке сын пикирлер айтылбасын дегенге кандай карайсыз?
– Президенттин тегереги ага карата айтылган сындарды канчалык контролго алабыз дебесин, муну ишке ашыруу дегеле мүмкүн эмес. Маалымат заманында маалымат алмашуу технологиялары шамалдай тез өзгөрүүдө. Президентке көп сын айтылып жатабы, демек ойлоно турган маселе бар. Андан көрө Карамушкина ушул жагын ойлонсун. Сөзүн кайра албаса анын бул демилгеси өз башына кара муш болуп тийиши мүмкүн.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ