Menu

Сириядагы орусиялык жалдангычтар аскер кызматкерлеринин жеңилдиктеринен пайдаланууда

Бөлүшүү:

Жеке аскердик компаниялардын курамында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жаткан Орусия жарандары мекенине кайтып барганда аскер кызматкерлери үчүн каралган жеңилдиктер менен пайдаланышууда.

Сирияда жарадар болгон жалдангычтар учактар менен Орусияга жеткирилип, андагы аскердик госпиталдарда дарыланышат. Бул тууралуу Орусиядагы аскердик госпиталдардын биринин дарыгери анонимдүүлүк шартында Reuters агенттигине билдирген. Дарыгердин айтымында, анын хирургия бөлүмүндө Сирияда жарадар болгон алты же жети адам дарыланган, бирок алар аскер кызматкери болушкан эмес. Москва менен Санкт-Петербургда Сирияда жарадар болгон жалдангычтарды дарылаган кеминде дагы эки госпитал бар.

Агенттиктин маалыматы боюнча орусиялык жалдангычтар Сириядагы орус базаларына орусиялык аскер учактары жана кемелери менен барышат. Алардын аракеттери расмий орусиялык аскер күчтөрү тарабынан тыкыр координацияланып турат.

Ошондой эле Reuters Сирияда жеке аскердик компаниянын курамында согушуп жүрүп 2016-жылдын мартында курман болгон Максим Колганов менен Сергей Морозовдун Эрдик ордени менен сыйланганын да жазган. Орден менен кошо берилген күбөлүктөргө президент Владимир Путин кол койгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: