Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев президенттин аппаратында «крысалар» бар экенин айтты. Аларды жоготуш керек экенин баса белгиледи. Абдылдаев айткан «крысалар» кимдер ыя? Бул киши жөн сөз айтпайт, Сапар Исаков баштаган, Фариддерди айтты окшойт кыязында. Табышмактатпай билсе айтпайбы ачык эле, элди да чала өлүк кылбай. Балким Баш мыйзамды дал ошол «крысалар» жеп коюшкандыр. Учурда «крыса» деген сөз модага айланды окшойт, эми аларды ким тазалайт? Бири аппаратта бар десе, бири ИИМде бар деди. Демек, биздин бийликти «крысалар» каптап кеткен экен да. Акыркы күндөрү тирикмуштай сөздөр пайда боло баштады. Деги аман болгой элек…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ