Menu

“Чакан жана орто бизнеске инвестицияны тартуунун жолдору жана кыйынчылыктары” аттуу тегерек стол өтөт

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк банктын соңку  Doing Business -2017 рейтингинде 189 ѳлкѳ арасында Кыргызстан 75-орунга ээ болду. Бизнес жүргүзүүгѳ жагымдуу шарттары боюнча ѳлкѳнүн кѳрсѳткүчү ѳткѳн жылга караганда 8 позицияга начарлаган.  Негизинен  жеке мүлктү каттоо  боюнча 2 тепкичке жана курулушка уруксат кагаздарын берүү критерийинде 15 баскычка ылдыйлап кеткен.

Doing Business  рейтигиндеги Кыргызстандын позициясы солгундаганын реалдуу сандар дагы кѳрүнүүдѳ. Улуттук стат комитеттин маалыматы боюнча 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында ѳлкѳ кирген түз инвестициялардын кѳлѳмү 2015-жылдын ушул эле маалына салыштырмалуу 24%га кыскарып, 3 млрд. 250 млн. сом же азыркы курс менен санаганда $47 миллиондон бираз ашкан.

Бирок ошол эле 47 млн. долларлык чет элдик түз инвестициялардын структрасын карасак деле, басымдуу бѳлүгү тоо-кен ѳндүрүш тармагындагы ири долбоорлорго тартылган.

Ѳлкѳгѳ институционалдык, профессионал инвесторлордун келишине саясий тообекелдиктер жана экономикалык мыйзамдардын туруксуздугу жолтоо болууда. Ошол эле маалда Кыргызстанда инвесторлор үчүн кызыктуу болгон приоритеттүү тармактар бар: айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, текстиль ѳндүрүшү, курулуш, фармацевтика, билим берүү, туризм, IT ж.б.  Бирок бул багыттарды инвесторлорго жеткиликтүү, кызыктуу сунуштай турган атайын бир аянтча жок.

ЖИА бизнес ассосациясы Бишкек инвестициялык форумунун алкагында ѳкмѳткѳ бул багытта ѳз сунуштарын жолдомокчу. Талкуу 2016-жылдын 8-ноябрында ЖИА бизнес ассоциациясы Германиянын эл аралык кызматташтык уюумунун колдоосу менен уюштурган “Чакан жана орто бизнеске инвестицияны тартуунун жолдору жана кыйынчылыктары” аталышындагы тегерек столдо өтөт.

BIFинвестор менен ишкердин жолугушуучу жери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: